21-февралдын аба ырайы

Кыргызстандын айылдарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 20-февралдан 22-февралга чейинки жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

21-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлуп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -1…-6 градус болот.

21-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градусту түзөт. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстан Түркиядагы куткаруу миссиясын аяктоодоАскар Акаев азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасадыЗордукталып өлтүрүлгөн кыз боюнча сот отуруму башка күнгө калдыСанарип өнүктүрүү министрлиги чалууларга байланыштуу Xiaomi Redmi компаниясына кайрылды Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр 207 арыз түшкөн Султанбаев менен Орунбеков талкууга түшкөн жолугушуу жөнүндө билдирүү таратты