FT: Украинаны ок-дары менен камсыз кылуу үчүн ЕБде чийки зат жетишсиз

Евробиримдикте Украинаны ок-дары менен камсыз кылуу үчүн жардыргыч заттарды өндүрүү үчүн чийки зат жетишсиз болууда. Бул тууралуу Financial Times гезити аткаминерлерге жана ушул тармакта иш алып барган өкүлдөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын маектештери артиллериялык снарядды өндүрүү үчүн жетиштүү каражат бөлүнгөнү менен Евробиримдикте ок-дарыга керектүү заттар, дары (порох), пластид жана тротилдин жетишсиздигин белгилешкен.

"Орусиянын Украинага чабуулу Европанын өндүрүштүк кубаттуулугу канчалык алсыз экенин көрсөттү, ага ондогон жылдардан бери инвестиция тартылбай келген", - деп жазды аталган гезит.

Германиянын аткаминеринин айтымында, негизги көйгөй - Европанын коргонуу өнөр жайы согуштун шартында керектүү болгон масштабдуу аскердик өндүрүштү түзө албай жатканында.

Чехиянын коргонуу өнөр жай тармагынын өкүлү чийки зат тартыш болуп турганда кыска мөөнөттө артиллериялык снаряддардын өндүрүшүн көбөйтүү кыйынга турарын билдирген. Басылманын булагынын айтымында, дарынын (порох) өндүрүшүн көбөйтүү үчүн үч жылга жакын убакыт керектелет.

Испаниянын курал өндүрүүчүлөрү Европа Биримдигинде коргонуу заводдору анча көп эмес экенин, алардын бардыгы ишти 100% күч менен аткарып жатышканын айтышууда. Басылманын маектештери Брюссел жаңы өндүрүш ишканаларын Индия менен Түштүк Корея сыяктуу башка өлкөлөрдөн издеши керек деп эсептешет.

Чийки зат жетишсиз болгондуктан, снаряддын баасы да көтөрүлгөн. Орто эсеп менен алардын ар биринин өндүрүшү учурда 850 еврону түзүүдө. Бул Орусия Украинага басып киргенге чейинки баадан 20% көп.

Мындан сырткары Politico басылмасы НАТО Беларус жана Орусиянын чек арасына жакын жерде техника менен аскер кызматкерлерин топтоону тездете турганын жазды. Кеп 300 миң аскер туурасында болууда. Бирок бул планды ишке ашыруу үчүн аталган уюм союздаштарын көндүрүшү керек болот.

Ошону менен катар АКШ согушта Орусия Кытайда өндүрүлгөн ок-дарыны колдонуп жатканын ачыкка чыгарды. Бул тууралуу Ак үйдөгү булактарга таянып жапониялык Kyodo агенттиги жазды. Ок-дарынын түрү айтылган эмес. Агенттиктин маектеши АКШ орус аскерлери Кытайдын ок-дарысын колдонуп жатышы ыктымал деп күмөн санап жатканын айткан. Снаряддар расмий түрдө, Кытай бийлигинин макулдугу менен жеткирилгенби, жокпу белгисиз.

Бээжин чыр-чатак болуп жаткан өлкөлөрдүн бирине дагы курал-жарак жеткирилбегенин билдирип келет. Кытайдын лидери Си Цзинпин дүйшөмбүдө Орусияга расмий сапар менен барат. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Буга чейин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков эки өлкөнүн жетекчилери аскерий-техникалык кызаматташтыкты талкуулай турганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюндары өтүүдөОрок айыл өкмөтүнүн катчысы жер тилкесин мыйзамсыз каттоого шектелип кармалдыКара-Жыгачта мыйзамсыз делген электр мамылары, жолдор буздурулдуHRW: "Кемпир-Абад ишинде" толтура процессуалдык мыйзам бузуу бар