Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин чыгарган цех ачылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех ачылды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Орусиядан алып келинген. 31-марттан тарта ишин баштаган устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алары айтылды.

"Азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл бурулат", - деп жазылган министрликтин маалыматында.


Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келген. (КЕ)

Дагы караңыз

Ошто көчөдө жарамазан айткан балдардын ата-энелери айыпка жыгылдыКытай Курил аралдары боюнча позициясын өзгөрттүАлександр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кеттиТыңчылыкка айыпталып камалган Гершкович апелляциялык арыз берди