Депутат Токтошев дыйкан-фермерлерге насыя кечигип берилип жатканын айтты

Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы айдоо аянты.

Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Эмил Токтошев айыл чарбасын бөлүнгөн жеңилдетилген насыя дыйкандарга кечигип берилип жатканын билдирди. Ал аймактарда айыл чарбасына байланышкан көйгөйлөр көп экенин, насыяны алуу жолдору татаал болуп жатканын кошумчалады.

"Өкмөт тарабынан дыйкандарды колдоого берилүүчү "Айыл чарбасын колдоо -11", "Агрокредит" жана 1 млн. сомдон пайызы жок берилүүчү насыялар өз убагында жетпей жатат. Дыйкандар менен фермерлер насыяны алуу өтө татаал болуп жатканына даттанууда. Бир айдын ичинде бербесе, кийин ал акчанын дыйкандарга кереги дагы жок", - деди Токтошев.

Депутат дыйкандарга насыя берген "Айыл Банк", РСК банктын өкүлдөрүн чакырып, маалымат алууну сунуштады.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алып, жеңилдетилген насыяга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Айыл чарба министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, 31-мартка карата өлкө боюнча 800дөн ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Мекеме 2023-жылы жеңилдетилген насыя үчүн канча каражат бөлүнгөнүн жана анын канчасы берилгенин тактаган жок.

Былтыр дыйкан-фермерлерге деп бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын теңи гана берилгени белгилүү болгон жана буга байланыштуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Анда насыялар кечиктирилип берилгени, банктарда кезек күткөндөр арбын болгону айтылган. Ошондой эле айрым депутаттар жеңилдетилген насыя алчу компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирген.

Өкмөт былтыр жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөтАКШ Украинага 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам берилерин билдирдиАКШнын экс-президенти Дональд Трампка айыбы угузулдуФинляндия НАТОго расмий кошулду