Сариев Британияга товар ташуу маселеси талкууланганын билдирди

Темир Сариев Британияга Кыргызстандын товарларын жеткирүү маселеси талкууланганын билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Улуу Британияда Кыргызстандын товарларын британ базарына жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушканын айтты.

“Улуу Британия сунуштаган жаңы DCTS соода преференциясын ишке ашыруунун жүрүшүн талкууладык. Ал Кыргызстандын товарлары үчүн британ рыногуна алымсыз негизде кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат”, - деп айтылат маалыматта.

Темир Сариев Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп былтыр 19-декабрда шайланган.

Палата - ишкерлердин башын бириктирген көз карандысыз уюм, ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар.

Дагы караңыз

Орусия: прокуратура мыйзамсыз мобилизация боюнча 15 миң учур катталганын билдирдиИюнь окуясы: Абдуллаева Жалал-Абаддагы изоляторго камалдыЖазуучу Бейшенбай Усубалиевдин чыгармалар жыйнагы жарык көрдүӨзбекстан Орусиядан 300 миң тонна мунай сатып алат“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын 100% акциясы мамлекетке өтөтИюнь коогасы: Милиция издөөдөгү Карамат Абдуллаева кармалганын билдирдиЭрдоган кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды