Украина менен Орусия дагы ондогон туткундарды айырбаштады

Андрей Ермак

Украина менен Орусия 26-апрелде кайрадан туткун алмашышты. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдиргендей, 36 катардагы жоокер, алты офицер Киевге кайтарылды. Алар Марипуолду, "Азовсталь" заводун, Херсонду коргоп жатканда туткунга түшкөн. Арасында жараат алгандар бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги 40 аскери Москвага кайтарылганын бышыктады.

Орусия менен Украина былтыр 24-февралда башталган согушта туткунга түшкөн жарандарын утур-утур алмашып келет. 18-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев жалпысынан 2235 жаранын туткундан бошотконун билдирген.

Дагы караңыз

"Колун кескилептир". Баланы өз жанын кыюуга түрткөн буллинг“Азаттыктын” соту: экспертиза эки суроого жооп берген жок. Бул эмнеге маанилүү?БУУнун эксперттери памирликтердин куугунтукталышын сынга алдыЖалал-Абадда талапка жооп бербеген машыгуу жайлары жабылды