Бишкекте Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү башталды

Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү.

"Өлбөс полк" жүрүшү Бишкек шаарындагы Масалиев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан башталып, Жеңиш аянтына чейин уланат. Иш-чара маалында бир катар көчөлөр жабык болот.

"Өлбөс полк" акциясын Орусияда 2011-жылы жарандык активисттер демилге кылып, 2012-жылдан тартып такай уюштурула баштаган. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-жылдары жүрүш болгон эмес. 2022–жылы өткөрүлгөн.

Бул күнү Жеңиш аянтында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда митинг-реквием өтөт.

Кыргызстанда былтыр "Өлбөс полк" маршын өткөрүү боюнча талаш-тартыш чыккан. Ага каршы болгондор Орусия Украинага басып киргенден кийин мындай жүрүштү өткөрүп кереги жок деген пикирди айтышкан. Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-майында бул боюнча комментарий берген. Ал Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандардын урпактары көп экенин айтып, "алардын маршка чыгышына тыюу салууга эч кимдин укугу жок" деп билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды. Бир жыл мурда алардын саны 100дүн тегерегинде болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет.

Дагы караңыз

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлда өтөт "ПолитКлиника" Шакиевдин каты деген маалыматты сайтынан убактылуу алдыТранспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады Прилепин жардыруу болгон машинаны өзү айдап баратканын билдирди