Зеленский Берлинде Германиянын канцлерине жана президентине жолукту

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер. Берлин, 14-май, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиядагы сапарынын алкагында президент Франк-Вольтер Штайнмайер менен жолугушту.

"Заманбап Украинанын эң оор учурларында Германия эркиндикти жана демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн украин элинин тарабында турган, чыныгы дос жана ишенимдүү өнөктөш экенин далилдеди. Биз бирге жеңебиз жана Европага тынчтыкты кайтарабыз", - деп жазды Зеленский президенттик резиденциядагы кадырлуу коноктордун китебине.

Мындан кийин ал канцлер Олаф Шольц менен жолугушту. Германиянын борборунда Зеленскийдин сапарына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлүп, транспорт кыймылдарына чектөө киргизилди.

Украин лидери Берлинге жекшембиге караган түнү Италиядан учуп келди. Анын учагын Германиянын аскердик авиациясы коштоп жүрдү.

Мунун алдында Германия Киевге Орусия басып киргенден бери рекорддук аскердик жардам пакетин жарыялаган. 2,7 млрд. долларлык аскердик жардам украин лидеринин Берлинге ыктымал сапарынын алдында берилүүдө.

Зеленский менен Шольц Берлинден кийин Аахен шаарына сапар алышары күтүлүүдө. Ал жакта украин лидерине Европа Биримдигине кошкон салымы үчүн Улуу Карл атындагы сыйлык тапшырылат.

Буга чейин Зеленский Италиянын өлкө жетекчиси жана Рим папасы менен жолугушкан. (КЕ)

Дагы караңыз

Түркияда президенттикке талапкерлер добуш бериштиӨкмөт быйыл 204 мектеп жана 49 бала бакча куруларын билдирдиПрезидент талапкерлерди шайлоодо добуш сатып албоого чакырдыБишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамдары жанданат