Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту

Садыр Жапаров жана Си Цзинпин. Кытай. 2023-жыл, 18-май.

18-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы жана алдыда боло турган “Кытай – Борбор Азия” саммитинин күн тартиби, макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана биргелешкен долбоорлор талкууланганы кабарланды.

Садыр Жапаров Си Цзинпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүү маанилүү экенин белгилешти.

Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болот.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. (BTo)

Дагы караңыз

Чемпиондор лигасынын финалисттери аныкталдыАбактагы Кара-Мурзанын аялы жолдошуна басым болуп жатканын айттыСадыр Жапаров Кытай Кыргызстандын эң маанилүү өнөктөшү экенин айттыУкраинадагы согушка катышкан кыргыз жараны 10 жылга кесилди БУУ: Алдыңкы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет