Иранда коомчулуктун өтүнүчүнө карабай үч активист өлүм жазасына тартылды

Иранда абактагы үч демонстрант – Мажид Каземи, Саид Якуби жана Салех Мирхашеми коомчулуктун каршылыгына жана укук коргоочулардын өтүнүчүнө карабай, өлүм жазасына тартылды.

Үчөө 19-майда эртең менен дарга асылганын Иран сотунун басма сөз кызматы маалымдады.

Алар 16-ноябрда Исфаханда окко учкан "Басиж" жарым аскерлештирилген күчтөрүнүн эки мүчөсүнүн жана укук коргоо органында иштеген кызматкердин өлүмүнө күнөөлүү деп табылды.

Эл аралык Мунапыс уюму үч демонстрант адвокаттары менен жолугуша албаганын, кыйноо астында күнөөсүн моюнга алышканын билдирди.

Былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда митингдер тутанган. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активисттер камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылды. Тегеран өкмөткө каршылык маанайынын артында Батыш турат деп эсептейт.

Норвегияда жайгашкан "Ирандагы адам укуктары уюмунун" (IHR) баяндамасында айтылгандай, Тегеран былтыр кеминде 582 кишини дарга аскан.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолукту УКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирди"Орусия менен Кытай Борбор Азия үчүн араздашууга кызыкдар эмес"