Конституциялык сот депутаттарга иш козгоо тартибине түшүндүрмө берди

Конституциялык соттун имараты.

Конституциялык сот “Жогорку Кеңештин депутаттарына кылмыш ишин козгоо үчүн парламенттин макулдугу кереги жок” деген чечимине түшүндүрмө берди. Мекеме “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзамда башкы прокурор депутатка кылмыш ишин козгошу үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу керек деген жобо эл өкүлдөрүнүн Конституцияда белгиленген укуктарын кеңейтип салганы айтылат.

Конституциялык сот парламентарийлерге депутаттардын макулдугу жок эле иш козгосо болорун, бирок аларды жоопкерчиликке тартууда Жогорку Кеңештин макулдугу керек экенин кабарлады.

Депутат Жанарбек Акаев парламенттин 1-июндагы жыйынында Конституциялык соттун депутатка иш козгоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу кереги жок деген мазмундагы чечимин сынга алган.

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапканы быйыл 25-майда белгилүү болгон. Конституциялык сотко бул жобонун мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган.

Жогорку Кеңештин регламентинин 138-беренесинде башкы прокурор депутатка кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана кабыл алынары жазылган.

Конституциянын 78-беренесинде депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартууга уруксат берилери белгиленген.

Башкы прокурор депутатка кылмыш ишин козгогону тууралуу парламенттин төрагасына маалымат берип, аны жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештен уруксат сурайт. Парламентте комиссия түзүлүп, эл өкүлүн жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу боюнча чечим чыгарат. Аны Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгып, сессияда добуш берүү менен чечилет. (BTo)

Дагы караңыз

Күрөш: Айпери Медет кызы Бишкектеги мелдеште алтын медал тагындыШарль Мишель: Евробиримдик үчүн сөз эркиндиги маанилүүКосоводо жергиликтүү сербдер демонстрацияга чыгыштыИИМ: Чүйдө ымыркайын сатууга аракет кылган аял кармалдыИранда студенттин өлүмүнөн улам акцияга чыккандарга ок атылды