Кара-Балтада кампадан чыккан өрт өчүрүлүп жатат

Кара-Балтада аммиак селитрасы сакталган кампа күйүп жаткан учур.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы Кара-Балта шаарында кампадан чыккан өрттөн эч ким жабыр тартпаганын билдирди.

Мекеменини маалыматында, 3-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 1-май көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан.

Алдын ала маалыматта, кампада сакталган аммиак селитрасы күйгөн.

Тилсиз жоо саат 23:38де чектөөгө алынып, ушу тапта толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрт болжол менен 250 чарчы метрдей аянтка жайылган.

Аммиак селитрасы - айыл чарбасында жер семирткич катары колдонулат.

ӨКМдин маалыматында Кыргызстанда 2022-жылы өрттүн айынан 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.

Куткаруучулар 31 адамды куткарып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров түрк президенти Эрдогандын инаугурациясына катыштыИндонезия Украинада тынчтык орнотуу планын сунуштадыТокаев Германияга казак мунайын көбүрөөк жеткирүү ниетин билдирди