Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Садыр Жапаров түрк президенти Эрдогандын инаугурациясына катышты


Анкара шаары. 3-июнь, 2023-жыл.
Анкара шаары. 3-июнь, 2023-жыл.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент Садыр Жапаров 3-июнда жубайы Айгүл Жапарова менен түрк лидеринин инаугурациясына катышканын билдирди.

Султанбаевдин белгилешинче, түрк президенти Кыргызстандын мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Инаугурацияга Борбор Азиядан Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын да президенттери катышкан. Жалпысынан 21 өлкөнүн президенти жана 13 өлкөнүн премьер-министри конок катары чакырылган.

Түркиянын маалымат каражаттары аземден кийин чет өлкөлүк лидерлер жаңы шайланган президент Режеп Тайып Эрдоган менен кечки сый тамакта жолукканын кабарлады.

3-июнда Түркиянын жаңы шайланган президенти Режеп Тайып Эрдоган жана парламенттин жаңы курамынын депутаттары ант берди.

29-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алган. Анын атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болгон.

69 жаштагы Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган "АК" партиясын жетектеп келет. Мамлекет башына келгенге чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG