Кеминде сууга чөгүп кеткендердин биринин сөөгү табылбай жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кемин районунун Орловка шаарында көлмөгө түшүп кеткен эки кишинин биринин сөөгү 11-июнда табылганын билдирди. Дагы бирин издөө иштери улантылып жатканын жана ага беш куткаруучу тартылганын кабарлады.

Мекеме 10-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда да бир адам Итагар суусуна түшүп кетип каза болгонун, сөөгү 11-июнда табылып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп берилгенин кошумчалады.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

Мекеме мындай кырсыктар айрыкча жайкысын сууга түшүү эрежелери, коопсуздук чаралары сакталбаган учурда көп катталарын, андыктан этият болуу зарыл экенин эскертүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагылар тергөө тобунун жетекчисине каршы арыздандыУгледарга жакын айылдар орус аскерлеринен бошотулганы кабарландыСуу каптоодон улам Херсон облусунан төрт миңдей адам эвакуация болдуКиев: Украинанын НАТОго кошулуу ниетин 20 мамлекет колдодуПакистанда шамал аралаш жаан 27 кишини мерт кылдыБишкектин тургуну "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына каршы пикетке чыкты