Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыргызстан. Иллюстрация сүрөт.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20°, күндүзгү температурасы 32…34° болот.

Дагы караңыз

Президент Ысык-Көлдөн 96 миң метр тор, 6 тонна таштанды чыгарылганын айттыСот, прокурорлордун ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдүКүрөш: Өмүрбек Асан уулу өспүрүмдөр арасында Азиянын чемпиону болдуОрусиянын чабуулунан Одессада кеминде үч адам каза болду"Коопсуз шаар" долбоорунан беш айда бюджетке 243 миллион сом түштүОрусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшыратБаткен: Чек ара окуясында жарактан чыккан үйлөрдүн сегизи бүтө элек