Ленин округу боюнча шайлоочулар тизмеси такталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан добуш берүүчүлөрдүн болжолдуу тизмеси такталды. Ага ылайык, 10-сентябрда 127 819 шайлоочу добуш бере алат.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматта айтылгандай, шайлоочулар 25-июлдан 30-августка чейин тизмеде бар-жогун "Тизме" порталынан текшере алышат. Тизмеден өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылышы керек. Арызды аталган порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө да берүүгө болот.

Аталган округдан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 10-сентябрда өтөт. Шайлоого азырынча 8 талапкер катталган, арасында аялдар жок. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта аяктайт.

БШК 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат. (MKt)

Дагы караңыз

ӨКМ: Нарында сел жүрдү, тоолуу аймактарда кооптуу болушу мүмкүн Сот Дональд Трамптын иши боюнча териштирүү күнүн аныктадыМилиция Ысык-Көлдө өспүрүм уурдалган окуя иликтенип жатканын билдирди