Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйү.

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жай мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, аны оңдоп-түзөөгө бюджеттен 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Президенттин резервдик фондунан дагы 14 миллион сом берилген.

"Бул каражатка имаратты оңдоп-түзөөдөн сырткары сот отурумдары өтүүчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар орнотулду, майып жана улгайган адамдарга шарт түзүлдү. Сот адилеттиги үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү жайгашкан. Бир күндө 350-400 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар", - деп жазылган маалыматта.

"Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстанда көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орноп, жарандардын жана бизнестин укуктарын тийиштүү деңгээлде корголушу керектигин баса белгиледи", - деп көрсөтүлгөн.

Март айында Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү ачылган.

Жыл башында парламентте Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин мойнуна алган. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган. Анын жыйынтыгында жергиликтүү соттордун 312 судьясы ар кайсы аймактарга ротация болгон. Бирок коомчулукта сотторго байланыштуу сын-доомат азая элек.

Дагы караңыз

Казарман ГЭСтер каскадын кытайлык үч компания курат Аламүдүн суусуна агып кеткен бир жашар кыздын сөөгү табылды Бир катар тажик банктары "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектеди Нигер: аскерлер президент бийликтен четтетилгенин жарыялаштыОрусия Путинди камакка алуу ордерин чыгарган судьяга издөө жарыялады Уран калдыктар маселеси: "Росатомдун" өкүлдөрү Жумгалда болду Италиянын Сенаты Голодоморду украин элинин геноциди деп тааныды