Орусия: элчилик аялын бычактаган кыргызстандык жөнүндө маалымат берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусунун Дмитров шаарында аялын бычактап өлтүрдү деген шек менен камалган адам тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, киши колдуу болгон А.А.М. аттуу келин жана аны өлтүрүүгө шектүү Ч.М.А. орус жарандыгын алган кыргызстандыктар болгон.

Элчилик маркумдун жакындарына керектүү консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда бул үрөй учурган окуяга байланыштуу маалыматтар чыккан. Анда келинди 2-августта балдарынын көзүнчө күйөөсү кызганычтын айынан бычактап салганы айтылган.

Айрым бир маалыматтарга караганда, жубайлардын беш баласы болгон. Жашы жете электери учурда кризисттик борборлорго жайгаштырылганы айтылып жатат.

Дагы караңыз

Москва: кыргызстандык келин баласын урган деген шек менен камалды Покровск: Орусиянын соккусунан жети адам мерт болуп, 57 киши жараат алды Нукус окуялары: кыйноого айыпталган үч полиция кызматкери соттолду Түптөгү үч айылда 90дон ашык үйдү сел каптады Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койду