Тоолуу Бадахшанда беш бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун борбору Хорог шаарынын кире бериши.

Соңку жарым жылда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда беш бейөкмөт уюмдун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу 8-августтагы маалымат жыйында юстиция министринин орун басары Асадулло Хакимзода билдирди.

Анын айтымында бул уюмдар "кылмыштуу топтор менен байланышы бар үчүн" соттун чечими аркылуу жабылды.

Ушул жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик аларга басым көрсөтүп, өзүлөрүн "банкрот" деп жарыялап өз ыктыяры менен ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып жатканын билдиришкен. Бул тууралуу алар "Озоди" радиосуна айтып беришкен. Анткен менен аймактын бийлиги бул дооматтарды "чындыкка коошпойт" деп четке каккан.

Тоолуу Бадахшандагы активисттерге, бейөкмөт уюмдарга басым-кысым аймакта былтыр болгон кандуу окуялардан кийин күч алган.

Тажикстанда 2022-жылдын май айында Тоолуу Бадахшандагы бийликке нааразылык толкунун басуу учурунда расмий маалыматтар боюнча кеминде 16 киши набыт болгон. “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисттери 34 адам өлгөнүн тактаган.

Дагы караңыз

Польша Беларус жактагы чек арасына кошумча аскерлерди жиберетГрузияда жер көчкүдөн набыт болгондор 19га жеттиКемпир-Абад иши: соттук териштирүү 14-августта өтөт