Пробацияга чыгып кайра зомбулукка баргандар

Парламент депутаты Жанарбек Акаев 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек балдарды, өспүрүмдөрдү зордуктаган деген айып менен соттолгон 88 адам сот чечими менен абактан пробация аркылуу чыгып кеткенин айтты.

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты пробациялык көзөмөлгө алуу беренесин камтыган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Жакында эле 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган окуядан кийин оор кылмыш жасагандарды пробация менен бошоткон сотторго катуу сын айтыла баштады.

"1,5 жылда жашы жете электерди зордуктаган 88 адам пробацияга чыгыптыр"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 28-сентябрдагы парламент жыйынында пробациялык көзөмөлгө алууга уруксат берген мыйзамды кайрадан карап чыгууга чакырды. Депутат гумандаштыруу максатын көздөгөн мыйзамды акыркы учурда соттор кыянаттык менен пайдаланып жатат деп айыптап, бир нече фактыларды мисал тартты:

Жанарбек Акаев

"Жогорку Сот менен Пробация департаментинин берген маалыматына караганда, 2022-жылдан бери эле 16 жашка толо элек бала менен сексуалдык аракеттерге барган (жашы жете электерди зордуктаган) 88 адам пробация менен жазадан кутулуп кетиптир. Зордуктоо, андан тышкары дагы беш берене менен бошогондордун саны жүздөн ашыптыр. Секелек кызды зордуктоого айыпталып, бирок пробация менен бошоп кеткен бирөө кайра барып, ошол эле кызды дагы зордуктап, боюна бүтүрүп коюптур. Мындай адамдарга пробация жазасы колдонулбашы керек. Мыйзамды өзгөртүүбүз керек, антпесек биздин соттор мыйзамдан жылчык таап, пробация демиш болуп, кымышкерлерди бошотуп жатышат".

Акаев Жогорку Кеңештин бир нече депутаты пробацияга уруксат берген Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатканын билдирди. Ал ырастагандай, аталган мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн. Эми тез арада кабыл алуу зарыл дейт депутат.

"Пробацияга чыкпаганда зомбулук болмок эмес"

Аялдарга жана балдарга зомбулук кылып, зордуктаган кылмышкерлерди соттордун пробация аркылуу бошотуп жиберген чечимдерине нааразылык көп айтылып келет. Жакында эле 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган мыкаачылыктан кийин пробация боюнча маселе көтөрүлдү. Зомбулукка барган адамга мурда эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, сот аны пробация менен бошоткону белгилүү болду.

Зомбулукка кабылган келиндин апасы Тинатин Катаганова бул кылмышта соттордун да күнөөсү бар деп эсептейт:

"Сокулук райондук сотунун судьясы Токтомаматов зөөкүрдү пробация менен бошотуп жибербей камаганда, ушундай мыкаачылык болбойт эле. Бардыгына соттор күнөөлүү. Мурдагысында судья Кадыркулова бошотуп жиберген болчу".

Дагы караңыз

"Агам өз кызын кордоп жүргөн". Жумгалдагы кайдыгерликОшто өз кызын зордуктоого шектелген киши эки айга камалды


7-сентябрда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы 36 жаштагы келинди зордуктоого айыпталган мурдагы милиция кызматкерин жети жылга эркинен ажыратып, бирок үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алууга өкүм кылган. Буга жабырлануучунун туугандары нааразылык билдирип, облустук сотко апелляциялык арыз жолдоп, андан тышкары президентке кайрылуу жасаган.

Бул иш облустук сотто качан каралары белгисиз. Жабырлануучунун эжеси пробацияга өкүм кылган соттун жоопкерчилигин кароону өтүнүшкөнүн айтып берди.

"Мен үй-бүлөлүү, үч балалуу сиңдимди зордуктаган адамды үй камагына чыгарып жиберген Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын жана аны зордуктоого айыптап туруп, кайрадан үч жылдык мөөнөткө пробацияга өкүм кылган судьянын да жоопкерчилигин карап берүүсүн өтүнүп, президентке кайрылганмын. Президенттик администрация менин катымды Башкы прокуратурага жана Судьялар кеңешине даректеген экен. Алар кайра эле биздин Жалал-Абад облустук соту менен прокуратурасына жиберишиптир. Бизге облустук соттон байланышып, бул арызыбызды сиңдимдин иши боюнча апелляциялык арыз менен чогуу караша турганын айтышты. Азыр эми облустук сотту күтүп жатабыз. Бирок адилеттик болоруна көзүбүз жетпейт турат, анткени кыз-келиндердин зордук-зомбулукка кабылганы көбөйүп эле баратат", - деди жабырлануучунун эжеси.

Дагы караңыз

"Сиңдим көчөдө баспай калды". Зордуктоого айыптуу үй камагына чыкты

Мыйзамдагы жылчыктан пайдаланган соттор

Кылмыш-жаза кодексинин 14-главасы пробациялык көзөмөлгө арналган. Юристтер андагы 82-беренеде кандай учурда пробация колдонулбайт деп көрсөтүлгөнү менен, сотторго жылчык таап кетүүгө жол ачкан дагы беренелер бар экенин айтып келишет.

Маселен, юрист Жоодарбек Атантай уулу Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси сотторго пробацияны пайдаланып, айыпталуучу менен соодалашуу мүмкүнчүлүгүн берген берене болду деп эсептейт.

Жоодар Атантай уулу

"Сотторду соодалашууга алып келген эң чоң маселе ушунда болуп жатат. Анткени мында соттун ынанымына уруксат берилген. Сот өзү кылмыш жасаган адамга андан ары кылмышка барбайт деп ишенсе, анда пробациялык көзөмөлгө өкүм кыла алат. Айрым оор делген кылмыштардын да жаза мөөнөтү 4-8 же 2-9 жылга чейинки эркинен ажыратылат деп, сотко тандоо укугу берилген. Ошондуктан сот беш жылга чейинки жаза мөөнөтүн чектеп, аны да пробацияга алмаштырып коё алат. Мына ушул беренеден улам соттор айыптуу менен соодалашып, "сенин жазаңды пробацияга айлантып, камактан бошотом" деп коррупция кылып жатышат. Алардын чечими менен каракчылык кылган, тоногон, зордуктаган адамдар пробация аркылуу эркиндикке чыгып кетип жатат", - дейт юрист.

"Кылым шамы" уюмунда көп жылдар адвокаттык кылган дагы бир юрист Акынбек Ногоев "Кылмыш-жаза кодексинин" 154-беренеси ("Зордуктоо") менен айыпталгандарга пробация колдонулбайт деген кошумча киргизилиши керек деп эсептейт:

Акынбек Ногоев

"Айрым адамдар акча жасоо же башка максатта бирөөнү "зордуктоого" айыптап, жалаа жабышы мүмкүн. Ошондуктан бул беренеге айыпталган тарап "жабырлануучу менен келишимге келе албаса, пробация колдонулбайт" деген кошумча жобо кийирсе болмок. Анткени 154-беренесинин 1-бөлүгү ("Зордуктоо") жана 155-беренесинин 1-бөлүгү ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") оор кылмыш болуп саналат. Ошол эле учурда "Кылмыш-жаза кодексинин" 57-беренесинде бул беренелер менен айыпталган адамдар жабырлануучу менен келишип алганда кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган".

Пробация тууралуу мыйзам Кыргызстанда 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан тарта иштей баштады. Анда пробация - кайсы бир оор эмес кылмыштарды жасаган, кылмышка аргасыздан барган, жаза мөөнөтү беш жылга чейин чегерилген айыпталуучулардын социалдык көмөк алуусуна, түзөлүүсүнө, социалдашуусуна, коомго кайрадан кошулуп, мыйзамсыз иштерге барбоосуна шарт түзүүчү комплекстүү чаралар экени айтылган.

Мыйзам ишке киргенден кийин Юстиция министрлигинин алдында пробациялык көзөмөлдү ишке ашыруучу атайын департамент түзүлгөн. Аталган департамент сот чечими аркылуу пробацияга чыгарылган айыпталуучулар менен иштейт.

"Пробация жөнүндө" мыйзам ишке кирген 2019-жылдан бери Кыргызстанда канча айыпталуучу ушул жол менен эркиндикке чыгарылганы боюнча так маалымат жок. "Азаттык" бул маалыматты сурап, Жогорку Сотко кайрылган. Азырынча жооп келе элек.