Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Конституциялык сот: салт менен мыйзамдын чеги


Конституциялык сот.
Конституциялык сот.

Жогорку Кеңеш 28-сентябрда Конституциялык соттун чечиминин кайра каралышына жол ачкан мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Документке кол коюлуп күчүнө кирсе, президент Садыр Жапаров жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечимдери кайра каралат.

Буга чейин бир катар юристтер, эксперттер бул мыйзам кабыл алынса бийликтеги баланс бузуларын, сот эркиндиги чектелерин эскертип келген.

Парламентте бул мыйзам долбоору добушка коюлардын алдында документ тууралуу берилген бир дагы сунуш киргизилбегени белгилүү болду.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрайымы, депутат Чолпон Султанбекова анда биринчи окууда кабыл алынган гана редакциясы өзгөртүүсүз калганын билдирди жана депутаттарды дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берүүгө чакырды.

Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

"Мыйзам долбооруна депутаттар Бекешев, Кожокулова, Кыдыкбаев, Абдалиев жана Жумабековдон жазуу түрүндө түзөтүүлөр келип түшкөн. Комитет добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бул беш депутаттын түзөтүүлөрүн четке кагып, "Конституциялык сот жөнүндөгү" мыйзам долбоорунун биринчи окууда кабыл алган редакциясын сунуштап жатат".

"Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Надира Нарматова анда долбоорду эч кандай талкуусу жок добушка коюуну сунуштады жана аны көпчүлүк колдоду.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64ү “макул”, эки депутат “каршы” добуш берип, үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, бешөө каршы болду.

Эми мыйзам долбооруна кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.

Буга чейин тармактык комитетте долбоор тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баяндама жасаган. Анда документ маанилүү экенине токтолуп, Конституциялык соттун чечимин кайра кароо тажрыйбасы Өзбекстан, Казакстан жана Литва өңдүү өлкөлөрдо бар экенин айткан.

Сыдыков сот чечимин кайра кароого жол ачкан жагдайларга токтолуп, өлкөдөгү "матронимден" чыккан талашты мисал келтирген.

Орозбек Сыдыков.
Орозбек Сыдыков.

"Биз адамзаттын жалпы принциптерин, ата-бабалардын жалпы мурастарын сактоо менен Конституцияны кабыл алганбыз. Андан сырткары адам укуктарын, эркиндиктерин чектебеген, кемсинтпеген кыргыз элинин каада-салттары мыйзам менен коргоого алынган. Ар бир элдин тарыхы, баалуулуктары бар. Ошону менен жашап, ошону менен эл болуп келет. Айрым учурлар нарк-насил менен жөнгө салынган. Бул жерде аны ким аныктайт? Бийликтин ээси - эл. Нарк-насилди алып жүрүүчү дагы - эл. "Матроним" боюнча коомдук пикир, коомдук жана маданий ишмерлердин пикирине ылайык, ал коомдун аң-сезимине карама-каршы келет. Кыргыздын салтында деле "жети атага чейин кыз алып, кыз бербе" деген. Ошондуктан каада-салттын, адеп-ахлактын туткасы, алып жүрүүчүсү - бул эл".

Буга чейин бир катар айрым депутаттар, юристтер долбоор чийки экенин, мыйзам кабыл алынса, сот эркиндиги чектелерин, чечимди кайра кароого негиз болгон жагдайлар так жазылбаганын белгилеп келишкен.

Тармактык комитеттин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Гуля Кожокулова гана каршы добуш берген. Ал Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан, адеп-ахлакка байланыштуу жобо так эмес экенин белгилеген.

Коомдук талкуу маалында "Медиа полиси" уюму "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун сынга алып билдирүү тараткан. Анда президенттик администрация даярдаган документ автократтык системага алып барышы ыктымал экенин эскерткен. Уюмдун юристи Нурбек Сыдыков документтин кесепеттери тууралуу айтты:

"Биз мыйзам долбоордун негиздеме катын карап көргөнбүз. Ал жерде башка өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Бирок бизде көрсөтүлүп жаткан нормалар ал жакта андай жазылган эмес. Мисалы ошол өлкөлөрдө президент тарабынан кайра кароо тууралуу сунуш берүү механизмдери көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда ал өлкөлөрдө моралдык-нравалык принциптерге каршы келе турган болсо, сот чечими кайра каралышы керек деген берене жок. Моралдык-нравалык деген түшүнүк бул стабилдүү эмес. Ал өзгөрүп туруучу нерсе. Бул түшүнүккө укуктук-ченемдик актыларды байлоо туура эмес деп эсептейм. Бийликте сөзсүз түрдө баланс сакталышы керек. Баланс бузулуп, кийлигишүү көбүрөөк болуп кетсе, туура эмес чечимдер чыгарылышы мүмкүн. Конституциялык сот чечими кайра кароого жатпайт деп Баш мыйзамда дагы көрсөтүлгөн. Жаңы бир жагдайлар жаралса, балким каралышы мүмкүндүгү бар. Эгер мыйзам күчүнө кирсе, кайра кароого жол ачкан нормаларды башка дагы бийлик колдонушу мүмкүн. Аны биз азыркы кайсы бир жагдайга байланыштуу гана карабашыбыз керек".

Талаштуу мыйзам долбоору июлда коомдук талкууга коюлган. Анда "Конституциялык сот тууралуу" мыйзамды 52-берене менен толуктоо каралган.

Документте Конституциялык сот чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кандай жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн. Анда үч негизги жагдай, тактап айтканда, чечим кабыл алууга негиз болгон Баш мыйзам ченеми өзгөрсө, чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса жана чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе, кайра каралары жазылган.

Президенттин администрациясы долбоорду коргоп жатып, Баш мыйзамда деле “Жогорку Соттун чечими акыркы болот” деп жазылганын билдирип, бирок Кылмыш-жаза-процессуалдык кодекси боюнча жаңы жагдай чыкса, иш кайра каралат деген жобону жүйө келтирген.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов жаңы ачылган жагдай деген норманы чечмелеп берди.

Ал ошондой эле Конституциялык соттун өзгөчөлүгүнө токтолуп, сот чечимдерине президент кийлигишкен жагдай жөнүндө пикирин билдирди.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

"Эгер жаңы ачылган жагдай пайда болсо кандай гана сот болбосун анын чечимин кайра кароого болот. Мыйзамга ылайык, жаңы ачылган жагдай деген сотко дагы, ага катышкан тараптарга дагы ага чейин такыр белгисиз болгон жагдайлардын ачылып калышы. Мына ушундай учурда гана соттун чечимин кайра караса болот. Ал эми Конституциялык соттогу өндүрүштүн өзгөчөлүгү бар. Конституциялык сот ишти толук курам менен карайт. Кворум болушу керек. Конституциялык соттун матроним тууралуу чечими чоң талкуу жаратты. Ал иште жаңы ачылган жагдай жок. Парламент жаңы ачылган жагдайларга такап, же болбосо кыргыз элинин үрп-адатына, салт-санаасына туура келбеген деген чечимдерди кайра карагыла дегени бул укуктук жактан аялуу болуп жатат. Азыр эми президенттин жана Конституциялык соттун сунушу менен кайра каралат деп жатат. Мамлекет башчыны сот өндүрүшүнө кириштирбей эле койсо жакшы болмок. Мамлекет башчынын Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктары бар. Эгер кыргыз элинин кызыкчылыгына, Баш мыйзамга каршы келген нерселер болсо, ошол укуктарынын чегинде эле, Конституциянын гаранты катары тийиштүү чараларды көрсө болот".

Эки жыл мурда күчүнө кирген Баш мыйзамдын негизинде Конституциялык палатанын ордуна Конституциялык сот түзүлгөн жана тогуз судьядан турат.

Парламентте ушул тушта матроним маселесинен улам Конституциялык соттун төрагасы баштаган мүчөлөрүнүн баарын иштен алуу талабы маал-маалы менен көтөрүлүп жатат.


Констициялык соттун чечимин кайра кароого жол ачуу аракеттери активист Алтын Капалованын арызы тууралуу чечиминен кийин башталган.

Активист үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздырганы белгилүү болгон. Бирок 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияда утуп алган.

Мамкаттоо 2020-жылы ноябрь айында күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, балага энесинин атынан документ берилбей турганын кабарлаган.

Ушул жылы 30-июнда Конституциялык сот Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" арызын караган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты. Кыргыздын улуттук каада-салты менен “уулу, кызы, тегин” деген жазуу менен ат коюу өзгөрүүсүз калат.

Конституциялык сот Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген.


Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.

Конституциялык соттун талаштуу чечимине байланыштуу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы жарандык пикирин билдирген. Ал Фейсбуктагы баракчасына "эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям" деп жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG