Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Президенттик башкаруудагы парламент: Сын көппү же сыйбы?


Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.
Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин 1-сентябрда ишин расмий баштады.

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин, 1-сентябрдан тартып ишин расмий баштады. Комитеттерде биринчи карала турган маселелердин арасында президент Садыр Жапаров сунуштаган "Конституциялык сот тууралуу" талаштуу мыйзам долбоору бар.

Парламенттин азыркы чакырылышы коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды кабыл алды жана мындан улам президенттик башкаруудагы парламент сынга кабылды.

"Парламент позициясын так көрсөтө албай жүрөт"

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 1-сентябрда парламенттин ишин баштап жатып, эң ириде аймактардын маселелери маанилүү экенин айтты. Өкмөт менен эриш-аркак иштөөнүн негизинде көп иштер ийгиликтүү жүрүп жатканын белгиледи.

"Аймактардын, шайлоочулардын көйгөйлөрүн угуп келдиңиздер. Бул эл өкүлдөрү үчүн эң маанилүү. Көргөн-уккан бардык көйгөйлөрдү бул жерде айтып, ошого ылайык мыйзамдардын долбоорун жазып, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу - парламенттин бирден-бир функциясы. Аймактарда бүгүн бир топ жакшы социалдык маанидеги мекемелер, жолдор салынып, инфраструктуралык курулуштар жүрүп жатат. Биз муну белгилеп коюшубуз керек. Аткаруу бийлиги ушул жерде көтөрүлгөн маселелердин, көйгөйлөрдүн негизинде бир топ иштерди жүргүзүп жатат. Аймактарды баарыбыз кыдырып келдик, көйгөйлөр дагы деле бар. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ынтымак-ырашкерлигинин негизинде көп иштер жасалып жатат", - деди Шакиев.

Чүйдүн бир катар аймактарын кыдырган парламенттин вице-спикери, депутат Нурланбек Азыгалиев негизинен суу, жол жана мектеп маселелери дагы деле орчундуу экенине токтолду.

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

"Эл менен жолугушууларда айтылган эң орчундуу маселелердин бири сугат суу болду. Буга чейин таза суу деп жүрүшчү эле, азыр сугат суу көйгөйгө айланды. Дыйкандар "Казакстанга суу берилип, бизге суу жетпей жатат, ошондуктан түшүм ала албай калдык" дешет. Албетте, биз жагдайды түшүндүргөнгө аракет кылдык. Таза суу дагы деле маселе бойдон калып жатат. Экинчиси - бул эскилиги жеткен мектептер маселеси. Буга чейинки жыйындарда дагы Жайыл, Панфилов районундагы авариялык абалдагы мектептер маселесин көтөрдүм эле. Дагы бир маселе - бул баягы эле жол. Мисалы, Панфилов районунда бир дагы чакырым жол ондоого берилбептир, Жайылда 3,5 чакырым жол берилиптир. Андан сырткары эки райондогу ички иштер бөлүмүнө барып, абалы менен таанышып келдим. Панфиловдогу ички иштер бөлүмүнүн имараты электр энергиясы менен жылытылгандыктан, кышында свет өчсө суукта калышат экен. Ушул маселени дагы чечкенге жардам берсеңиз дешти. Суусамыр айылындагы клуб быйыл 1-сентябрга чейин оңдолуп бүтүшү керек эле, бирок бүткөн жок. Быйыл бүткөрүлөрүнө дагы ишенбейм. Президент Садыр Нуркожоевичтин 60-70-80% бүтүп калган объекттерди быйыл бүтүргүлө деген тикелей тапшырмасы бар эле, аткарылбай жатат", - деди Азыгалиев.


Деген менен парламенттин алдында бир бир катар талаш-талкуу жараткан мыйзам долбоорлорду кароо турат.

Тармактык комитетте 5-сентябрда карала турган алгачкы документтердин арасында президент Садыр Жапаров сунуштаган "Конституциялык соту жөнүндөгү" мыйзам долбоору бар. Быйыл июлда коомдук талкууга коюлган бул мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечимин кайра кароого жол ачкан беренелер бар.

Депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоорун сынга алды. Ошол эле маалда документ көпчүлүктөн колдоо табарын белгиледи.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Парламент, тилекке каршы, көп учурда өзүнүн позициясын так көрсөтө албай жүрөт. Мисалы, эртең карала турган мыйзам долбоору тууралуу айтсам, бул Конституциялык соттун укуктарын таптакыр эле чектеп салуу болуп саналат. Эми эгер кайсы бир чечим жакпай калса, ал жокко чыгарылышы мүмкүн. Андан көрө бул сотту жоюп эле салса, каражат кыйла үнөмдөлөт. Ушундай Конституциялык сотту кармап, судьяларды багып эмне кылабыз? Ар бир судьяга эки-үч миллион сом кетет. Алардын жардамчылары, айдоочулары бар. Аларга мамлекеттен кепилдиктер бар. Ошондуктан аларды кармабай эле, маселелерди мындан ары президенттин администрациясы эле чече берсин, маселе жок. Ошого бараткандан кийин таптакыр эле жоюп салбайлыбы? Бизде партиялар кандай шайланганын билесиз да. Парламенттеги көпчүлүк партиялар бул сунушту колдойт. Туура эле позиция деп айтышат. Эгер эртең президент дагы башка нерсени сунуштаса, алар дагы аны туура дешет", - деди Бекешев.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Баш мыйзамы өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөн. Аны менен катар парламенттин ролу жана ыйгарым укуктары кыйла азайган.

Баш мыйзамга ылайык, мыйзам демилге кылуу укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына берилген. Ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу Жогорку Сот жана башкы прокурор да мыйзам долбоорун демилге кыла алат.

Экс-депутат, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов депутаттардын буга чейинки ишине төмөнкүдөй баа берди:

"Депутаттар жайкы тыныгуудан кийинки ишин жаңы эле башташты. Буга чейинки ишин айта турган болсок, анда мыйзам чыгаруу азыраак болду. Кээде Конституциядагы ыйгарым укугунан аша чаап, өздөрү карай турган маселелердин чегинен чыгып кетишет. Кээде популисттик сунуштар дагы каралып калат. Бирок эми иштеп жатышат. Булар биринчи кезекте конституциялык мыйзамдарга жакшы көңүл бурушу керек. Баш мыйзамда аталган мамлекеттик, коомдук, элдик органдарга жакшы көңүл бурулушу керек".

Жайкы тыныгуудан кийинки жалпы сессиясы 6-сентябрда өтөт. Анда эң биринчи болуп Ысык-Көлдүн тескейиндеги Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаяндын ысымын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул документти парламент июнда биринчи окууда жактырган. Ошол маалда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттар мөңгүлөргө Кыргызстандын көрүнүктүү инсандарынын аты ыйгарылбай, чет өлкөлүк лидерлердин ысымы берилип жатканын сынга алган.

Мадумаров демекчи, парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы лидери 2-сентябрда кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды.

Ички иштер министрлиги Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганын маалымдаган.

“Оппозициялык фракциянын лидери кармалганы жакшы эмес”

Мадумаровдун камакка алынышын айрым депутаттар сындап жатышат. Алар бул маселе парламенттин жалпы сессиясында көтөрүлөрүн айтышты.

Аманкан Кенжебаев.
Аманкан Кенжебаев.

“Жеке пикиримде, туура эмес болду. Фракциянын лидери катары мындай деле суракка чакырса болмок. Анын камаларын уккан эмеспиз. Биз дагы силер сыяктуу эле ЖМКдан уктук. Эми шаршембиде кандай чечим чыгарабыз, көрөлү”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев.

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев “ал өзү барып тергөөнүн суроолоруна жооп берип жатса, эмнеге минтип кармашты" деген суроо пайда болгонун, бул маселе караларын айтты.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

“Депутаттар буга чейин уруксат бергенбиз. Анда ал киши өзү дагы “күнөөлүү эмес экенимди айтып, аныктап берейин” деген. Башкы прокуратура ал депутатты суракка чакыра албай жатканын айтып суранган. Өзү барып суроолорго жооп берип жатса, эмнеге минтип кармашты деген суроо бар. Албетте, бул маселени карайбыз”.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Мадумаровдун иши мыйзам чегинде адилет каралышын талап кыларын билдирди.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Кылмышкердей кармалганы мыйзамсыз. Ал мыйзамды аябай сыйлаган киши. 338-берене боюнча Жогорку Кеңештен уруксат алынган, укук коргоо органдарынын тергөө жүргүзгөнгө толук укугу бар. Бирок капыстан үйүнөн алып кеткени мыйзамсыз. Мыйзам сакталышын, акыйкат тергөө болушун талап кылабыз”, - деди Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев.

“Оппозициянын лидери кармалганы жакшы эмес. Себеби сын болбосо адам оңолбойт. Менин жеке оюмча, сын болушу керек, ал өнүгүүгө жакшы”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев.

Айрым депутаттар атайын кызматтын тергөө абагына кирип, Мадумаров менен жолугуп чыгуу маселеси да каралып жатканын айтышты.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы болгон парламент бул ирет аны колдоп берген.

Адахан Мадумаровдун партиялаштары, тарапкерлери парламент быйыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринен кол тийбестикти алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген берене таптакыр башка беренеге алмашып калганын айтып жатышат.

Депутат буга чейин коюлуп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси ("Бийликти ашыкча колдонуу") боюнча айып 323-беренеге ("Мамлекеттик чыккынчылык") алмашканы 2-сентябрда ал кармалгандан кийин белгилүү болгонун анын фракциялашы Гуля Кожокулова журналисттерге билдирген.

Мадумаров кармалган күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “мамлекетке чыккынчылык кылгандарга аёо болбойт” деп жазган. Бирок Ташиев эч кимдин атын атаган эмес.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаганы бар. 2022-жылы ноябрда парламенттин отурумунда Садыр Жапаров Мадумаровду айыптаган болчу.

“Мурдагы "сабаттуулар" берип жиберген жерлерди бүгүн биз, "сабатсыздар" кайтарып келип атабыз. Сиз кол коюп жиберген протокол боюнча “ал мыйзамсыз, туалетке барса болот” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү”.

Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон "Төрт Көчө" жөнүндө протокол Тажикстанда негизги документке айланганын белгилеген айрым серепчилер буга укуктук баа берилиши керек экенин айтышат.

Мадумаров ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратканда журналисттерге кыска жооп берип, коюлган айыпты "жомок" деп баалады. Мадумаров Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча күнөөсү жок экенин бир нече жолу кайталаган.

Адахан Мадумаров акыркы чакырылышта Жогорку Кеңешке эң көп добуш менен шайланып келген депутаттардын бири. Ал парламентке келгенден бери бийликтин чечимдерин кескин сындап, өкмөттүн отставкасын талап кылганы бар. Кемпир-Абад иши, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо да кыргыз бийлигинин позициясына нааразылыгын ачык билдирген. Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламентте эки сапар кайым айтышкан.

"Президенттик башкарууда парламенттин ролу күчөшү керек"

Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев бийликтеги тең салмактуулук маселесине токтолду. Президенттик башкарууга тең салмак түзүш үчүн парламент күчтөнүшү керектигин айтты.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

"Мен азыркы парламенттин ишине канааттанбай турам. Мейли эми, эл макул болуп, Конституция кабыл алынды. Абсолюттук президенттик башкарууга толугу менен өттүк. Бирок, менимче, президенттик башкаруу деген система Жогорку Кеңеш тушалып, иштебей калат дегенди түшүндүрбөйт. Президенттик башкарууда, тескерисинче, парламенттин ролу, иши күчөшү керек деп ойлойм. Бул президенттик бийлик үчүн өзгөчө керек. Ошол эле маалда президент дагы Жогорку Кеңештин иштешине шарт түзүшү керек. Жогорку Кеңеш биротоло көз каранды болуп, баш ийип алса, анда биздин ишибиз жүрбөй калышы мүмкүн. Бийликтин бардык бутактары Жогорку Кеңештин эркин иштешине шарт түзүшү керек. Антпесе, мен азыр көрүп жатам, депутаттар кылчактап, жагабызбы же жакпайбызбы деп атып буга чейинки чакырылыштарга караганда алда канча алсыз болуп калды".

Жогорку Кеңешти сынаган мыйзам долбоорлорунун бири талаш-тартыштуу “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору болмокчу. Депутаттар документти карап бүтпөй калган. Буга чейин анын демилгечиси катары көрсөтүлгөн айрым депутаттар долбоорду толук окуп чыкпаганын же документ баштапкы вариантынан түп-тамырынан өзгөргөнүн билдирип авторлуктан чыкканын билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Элеонора Бейшенбек кызы

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG