Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Чек ара, Кемпир-Абад, жаңы төрага: Жогорку Кеңешти сынаган чечимдер


Ушул аптанын аягы менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы ишин жыйынтыктайт. 27-июнда тармактык комитеттердин акыркы жыйындары болду.

Парламент колдогон Кемпир-Абад мыйзамы

2022-жылы Жогорку Кеңештин жаңы сессиясы башталып-баштала электе октябрь айында парламенттин төрагасы алмашып Талант Мамытовдун ордуна Нурланбек Шакиев келди.

Эми дароо эле Жогорку Кеңеш ушул сессияда кабыл алган маанилүү чечимдерге өтсөк. Былтыр 17-ноябрда парламент кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификация кылган. Ал жабык жыйында кабыл алынды.

Ал эми чек араны тактоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койду. Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өттү. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын билдирген. Ошентип, кыргыз-өзбек чек арасы толук такталды.

Бирок Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга өтүшү бир топ нааразылыкты жаратты. Оппозиция ага каршы чыгып “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзгөн. Ага мүчө болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “бийликти күч менен басып алууга” шек саналып кармалып, сегиз айдан кийин иши сотко өттү. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап баштады.

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков парламенттин ишмердиги тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди:

“Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган болгондуктан чечимдер талаш-талкуу, добуш берүү менен кабыл алынат. Ошондуктан кээ бир чечимдер туура чыгаар, айрымдары туура эмес. Жоопкерчилик бардыгыбызда бар. Кандай болбосун өлкөдө мыйзам чыгаруу ишин аткарып жатабыз. Бирок биз санга эмес сапатка көңүл бурсак болот эле. Анткени абдан көп мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Күнүгө 50 беттен көркөм китеп окуш деле кыйын. Парламентке болсо колго батпай турган кагаздар келет. Ар кандай чечимдер, ар бир органдын сунушу болот. Ошонун баарын карап чыгып иштөө кыйын. Бирок ошол ыргакка түшүп иштеп атабыз. Баары бир сапатка маани бериш керек. Себеби, мыйзамды кабыл алынгандан да анын аткарылышы маанилүү”.

Мадумаровдун окуясы: Бир иш боюнча эки чечим

Депутаттар эс алууга кетер алдында Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берди.

Парламент 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча Адахан Мадумаров кол койгон протокол тууралуу аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болду. Былтыр да ушул эле ишке байланыштуу депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон.

Бир жыл ичинде бир эле иш боюнча кандай жаңы жагдай чыкканы, депутаттар оюн эмне үчүн өзгөрткөнү белгисиз.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Депутаттардын жыйында айткан сөздөрү менен берген добуштары башкача болуп калат. Ошол эле Балбак Түлөбаев өкмөттү урушуп, “отставкага кетириш керек” дейт. Президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаев “Акылбек Жапаровду кетириш керек” деп айтат. Алардын айткан сөздөрү оппозициянын айткан сынынан кем эмес. Бирок берген добушу менен кылган иштери такыр башка. Сырттан караган кишиге депутаттар абдан катуу сын айтып, иштеп жатат деген ой болушу мүмкүн. Бирок чечим кабыл аларда баары өзгөрүп кетет. Бул жакшы эмес. Парламентте өзүнүн пикири бар депутаттар болушу керек. Адахан Мадумаров мамлекетти же бийликти басып алалы деген пикирди айтты беле? Айткан эмес. Сөз эркиндиги парламентте эле тыйылып жатат”, - деди “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев.

Чет өлкөлүк өкүл” долбоору күзгө калды

Жарандык коом, эркин медианы тынчсыздандырган “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндө мыйзам долбоору ушул сессиянын аягында каралат деп күтүлүп жаткан. Ал эми күзгө калганы калды.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Авторлуктан баш тарткан депутаттын көбү долбоорду толук окуп чыкпаганын же документ баштапкы вариантынан түп-тамырынан өзгөргөнүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин жалпы ишине баа бергенде депутаттар президент, Министрлер кабинети демилге кылган мыйзам долбоорлорун талаш-талкуусуз кабыл алып жатканы, бийликтин бир бутагы катары эркин көрсөтө албаганы айтылып келет.

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев буга макул эмес:

Акылбек Түмөнбаев.
Акылбек Түмөнбаев.

“Депутаттардын ар бири жер-жерлерге барып элдин пикирин угуп, мыйзамдарды жазып атат. Шайлоочулардын үнүн түз айтууда. Өкмөттөн да, президенттен да тайсалдабай айтып атышат. “Парламенттин бели кайрылды” деген калп сөз”.

Байсаловдун сөзү эмнени билдирет?

Өкмөт демекчи депутаттар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен депутаттардын соңку кайым айтышы эл өкүлдөрүнүн намысына тийди көрүнөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан.

Жогорку Кеңеш 22-июнда болсо Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөттү. Мунун алдында парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” жана “Мекенчил” депутаттык тобу Байсаловдун отставкасын кароону сунуштаган. Бул парламенттин Байсаловду кызматтан кетирүү боюнча экинчи аракети. Ушундай эле сунушту депутаттар президентке былтыр да беришкен.

“Мен бир нерсени божомолдоп жатам. Эдил Байсалов өкмөттүн өзүндө айтылып жүргөн эле сөздү парламентте ачык айтып алды. Демек ич ара ушундай ой бар экен. Демократиянын белгиси – мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги бири-бирин толуктап турушу керек. Мен Эдил Байсаловдун пикирин эмоцияга алдырып сүйлөгөн сөз деп кабыл алам”, - деди Нуржигит Кадырбеков.

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, мыйзам демилге кылуу укугу Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары президентке, Министрлер кабинетинин төрагасына берилген. Ошондой эле өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку Сот жана башкы прокурор да мыйзам долбоорун демилге кыла алат. Ал эми парламенттин ыйгарым укуктары бир топ азайган.

Юрист Эржан Сулайман депутаттардын ишмердиги тууралуу ой бөлүштү:

“Ушул эле депутаттардын көбү өткөн чакырылышта да депутат болгон. Алар убагында парламенттин алсыз болушуна, депутаттардын санынын азайышына жол ачкан Конституцияны колдогон. Тилекке каршы шайлоодо депутаттардын санын азайтуу боюнча убадалар да берилген. Эл да өзүнүн өкүлдөрү парламентте кыскарып жатканын түшүнгөн жок. Парламенттин азыркы ыйгарым укуктары менен да иштесе болот. Өкмөт депутаттар менен эсептешип, алардын пикирин сыйлаш керек. Парламентке эмне жетишпейт дегенде Жогорку Кеңештин депутаттарына эрк менен билим жетишпейт. Биздин депутаттардын айрымдарынын эрки болсо билими аз, билими жакшы болсо эрки жок. Ошондуктан ар кандай ойго келбеген демилгелер көтөрүлүп жатат”.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

"Ыңгайсыз суроолор": Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн тиреши эмне болот?

Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн эрегиши эмне болот?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:56 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG