Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:11

"Демократияга каршы келет экен". Талаштуу мыйзам долбоорунан баш тарткан депутаттар


Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков.
Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков.

Кыргызстанда cырттан каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга "чет өлкөлүк өкүл" деген макам берүү жөнүндө мыйзам долбооруна автор болгон айрым депутаттар андай демилгесинен баш тарта баштады. Эл өкүлдөрү анын себебин мыйзам долбоорундагы ашыкча чектөөлөр, адам укутарына каршы келген жоболорго байланыштырды.

"Адам укугуна, демократияга каршы келет экен"

Жарандык коомдун кескин сынына кабылган мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартаарын айткан депутат Бактыбек Чойбеков сунушталган документтен адам укугуна, демократияга каршы келген жоболорду тапкан.

“Каражатынын туура пайдаланылышы, көзөмөлдөнүшү боюнча макулдугумду берип, ошол жагы таза болушун каалап, сунуштагам. Бирок азыркы мыйзамды көрүп, андан кайра артка тарткым келип жатат. Себеби анда адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экен. Ошондуктан мыйзамдын демилгечилер курамынан чыгайын деп жатам”, - деди ал.


Андан мурун депутат Эмил Токтошев Фейсбуктагы баракчасында аталган мыйзамдын демилгечилеринин катарынан чыгуу үчүн спикерге жазган катын жарыялаган. Эл өкүлү долбоордо ашыкча чектөөлөр жазылып калган дейт.

"Кереги жок пунктар кошулуп калган. Аудит, катуу текшерүү дегендердин кереги жок. Ошондуктан мен демилгечилердин тизмесинен чыгуу үчүн арыз жаздым. Бизге мамлекеттик эмес уюмдар керек. Ага мамлекеттик көзөмөл дагы керек. Ошондуктан бул мыйзамды кабыл алуудан эки тараптын тең укугун эске алып, карашыбыз керек", - деди Токтошев.


Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири - депутат Эмил Жамгырчиев да сунушунан баш тартып жатканын маалымдады.

"Эл аралык уюмдардан каржы алып келген дагы өзүнчө эмгек. Алар дагы жөн бербейт. Ишенимдүү иш көргөзүшү керек. Анан алар алып келген каражатка бул жактан бөгөт коюп, текшере берген туура эмес. Органдарда чет өлкөдөн келген акча менен терроризмди каржылоо, төңкөрүш жасоо жөнүндө так далил жок экен", - деди Жамгырчиев.

Башка демилгечилер эмне дейт?

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Башында мыйзам долбооруна депутат Надира Нарматова жалгыз автор болуп жазылып, андан кийин 32 депутат кошулган. Алардын айрымдары менен байланышканыбызда азырынча позициясы арсар экенин айтышты. Жогорку Кеңештин депутат Таалайбек Сарыбашев долбоордун автору эмес экенин айтты.

"Кол коюп берсем керек. Бирок мен автор эмесмин. Надира эже кол койдурткан болчу. Мыйзам жалпы талкууга алып келине элек. Ал жерге келгенде сунуш-пикирлерибизди айтабыз. Биз мамлекет, эл үчүн иштеп, чындыкты айтып жаткандарга чектөө кылбашыбыз керек",- деди эл өкүлү.

Ал эми дагы бир демилгечи депутат Алишер Козуев акыркы документти анализдеп чыгып, чечим кабыл алаарын билдирди.

"Ачыгын айтсам бул боюнча толук маалымат жок. Чынында кайрадан бир сыйра карап чыгышым керек. Башында мазмуну башка болчу. Кийинки редакциясын карап чыккандан кийин чечим кабыл алам",- деди депутат.

Мыйзам долбооруна парламенттеги депутаттар Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, Балбак Түлөбаев каршы пикирин айтып чыгышкан. Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

"Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюм болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу, каалагандай иштей берсин. Буга чейин мен деле кайрымдуулук уюмду иштеткем. Ал деле бейөкмөт уюм болот. Диний уюмдар, фонддор бейөкмөт уюм деп эсептелет. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин. Мамлекет көзөмөл кылсын деген эле сөз”.

Өлкөдөгү укук коргоочулар, юристтер мыйзам долбоорун ийне-жибине чейин анализдеп чыгышты. “Адилет” укуктук клиникасы документтин 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлгөнүн аныктаган. Дагы бир жагдай, бейөкмөт уюмдар мекемелер кабыл алган чечимдерге таасир эте турган саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса, анда Кыргызстандагы саясий ишке аралашты деп эсептелет.

Жарандык коомдун каршылыгы

Өлкөдө бул мыйзамга каршы активисттер социалдык тармактарда “мен чет элдик агент эмесмин” деген ураан менен флешмоб өткөрүп жатышат. Алар жарандык коом коррупцияга, мыйзам бузууга каршы жана адам укугунун сакталышына гана кызыкдар экенин белгилешет.



Мыйзамга каршылардын бири, юрист Айбек Аскарбеков буларга токтолду.

“Кыргызстанда көптөгөн социалдык көйгөйлөр бар. Мисалы, адам укуктарынан гендердик зомбулук көп болуп жатат. Билим берүүдө мамлекет көп каржы бере албайт. Бейөкмөт уюмдар грант аркылуу социалдык көйгөйлөргө инвестиция тартып келишет. Мисалы, ЮНИСЕФ, “Сезим” кризистик борборлору көптөгөн айымдарды зомбулуктан коргошот. Ошондой долбоор Кыргызстанда көп. Бейөкмөт уюмдар жабылса мамлекет ал көйгөйлөрдү чече албай калат”, - деди ал.

Жакында эле бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коалициясы чет өлкөнүн элчиликтерине Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен демократияны чектеген чуулгандуу мыйзам долбоорлордун авторлорунун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизүүгө чакырган кайрылуу кылышкан.

Эл аралык уюмдун реакциясы

Ал ортодо эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму “Жогорку Кеңеш бөйөкмөт уюмдар тууралуу репрессивдик мыйзам долбоорун артка кайтарыш керек” деген билдирүү таратты.

"Мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу, ой-пикирин эркин билдирүү укуктарын чектеп, ал тургай айрым учурларда бейөкмөт уюмдар менен алардын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин бузат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому үчүн олуттуу коркунуч туудурат жана ал артка кайтарылышы керек", - деди эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева. Ал ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу шек келерин кошумчалады.

HRW Евробиримдикти, АКШ жана Улуттар уюмун мыйзам долбоорунун негативдүү кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун ачык билдирип, кокус парламент кабыл алган күндө дагы президент Садыр Жапаровду документке кол койбоого үндөдү.

Мурдагыдан мураска калган долбоор

Бул мыйзам долбоорун 2014-жылы ошол кездеги депутататтар Надира Нарматова, Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев сунуштаган.

2016-жылы мыйзам долбоору "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" деп аталып, парламенттин күн тартибине кайра киргизилген. Бирок долбоор Жогорку Кеңештен өтпөй калган, 111 депутаттын 65и каршы добуш берген. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоору жарандык коомду чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин баса белгилешкен.

"Азаттыктын" архивинен: "Ыңгайсыз суроолор": Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (28-январь, 2016-жыл)

Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00
Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:29 0:00
Эркиндикке бут тоскон мыйзам долбоору (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:06 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG