Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

"Төрт көчө" протоколу, Мадумаровго коюлган айып


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Жогорку Кеңештин депутаты, саясатчы Адахан Мадумаровдун "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып, камакка алынышы коомчулукта түрдүү пикир жаратты.

Тарапташтары муну "бийликтин куугунтугу" деп айтышса, Мадумаровду чек ара протоколуна кол койгону үчүн жазасын алсын дегендер да бар.

"Саясий куугунтук"

Адахан Мадумаровдун партиялаштары, тарапкерлери муну "саясий куугунтук" деп баалап жатышат. Алар парламент быйыл эс алууга тарар алдында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидеринен кол тийбестикти алып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген берене таптакыр башка беренеге алмашып калганына нааразы болуп жатышат.

Депутат буга чейин айыпталып жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренеси (Бийликтен аша чабуу) 323-беренеге ("Мамлекеттик чыккынчылык") алмашканы 2-сентябрда ал кармалгандан кийин белгилүү болгон.

Мадумаровду жоопко тартууга парламенттен уруксат сураган кездеги берене өзгөрүп кеткенин анын фракциялашы Гуля Кожокулова 2-сентябрда биринчилерден болуп журналисттерге билдирди. Ал муну Мадумаровдун бөгөт чарасын караган сотко катышып чыккан соң айтып, фракция башчысын күч органдары жаш баласынын көзүнчө күч менен кармаганын сынга алды.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев Мадумаровдун камакка алынышын “саясий куугунтук” деп эсептейт.

“Бизден макулдук алганда ал кишини кызмат укугунан аша чабуу тууралуу берене менен жоопко тартабыз дешкен. Эч кандай мамлекеттик чыккынчылык деген берене болгон эмес.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

Демек, биринчиден, макулдук формалдуу түрдө, туура эмес алынган. Экинчиден, ага кылмыш ишин козгоого кажет жок, себеби 2009-жылы маселени чечиш үчүн президенттин тапшырмасы менен эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары протоколго гана кол коюшкан. 2011-жылы ал протокол ишке ашкан эмес. Өкмөт сунуштаганда парламент колдобой койгон, демек ал күчүн жоготкон ошол учурда. Үчүнчүдөн – Мадумаров боюнча мурунку комиссияда Кыргызстандын жер кадастрынан маалымат сураганыбызда алардан ошол 275 метр биздин карталар боюнча Тажикстанга караштуу болчу деген жооп келген”, - деди депутат Масалиев "Азаттыкка" берген комментарийинде.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы лидеринин камалышына байланыштуу 4-сентябрда билдирүү жасай турганын депутат Эмил Токтошев "Азаттыкка" билдирди.

Эмил Токтошев
Эмил Токтошев

"Кыргызстанда ансыз деле абал кооптуу болуп турат, сырткы душмандар азуусун көрсөтүп турушат. Биз ынтымакта гана өлкөнү алдыга жылдыра алабыз. Сын айткан адамды эле камай берүү менен оңолуп кетпейбиз. Фракциянын депутаттары эртең чогулуп, жалпы элге билдирүү жасайбыз. Мыйзам чегинде, адилет чечилсин, акыйкаттык болсун деп айтабыз. Башкы прокуратура, билесиздер, бизден, парламенттен эки иш боюнча уруксат сураган. Бирөө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу башаламандык боюнча. Ага депутаттар уруксат берген эмес. Ал эми жер тилкеси боюнча токтомго байланыштуу уруксат берилген. Башка берене болушу мүмкүн эмес, себеби башка беренеге депутаттар уруксат берген эмес”.

"Төрт көчө келишими", президенттин сыны

Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" былтыр өзү билдирген. Жогорку Кеңеш 2022-жылы аны "мамлекетке чыккынчылык" беренеси менен жоопко тартууга уруксат берген эмес.

Президент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. 2022-жылы ноябрда парламенттин отурумуна катышкан кезде Садыр Жапаров Адахан Мадумаровдун өзүн айыптаган:

"“Урматтуу депутат Мадумаров, юстиция министрин "сабатсыз" деп катуу айттыңыз. Ал сабаттуулугу жагынан сизден эч кем калбайт. Отуз жылдан бери ала албай келген Кумтөрдү алууда опол тоодой салым кошту. Мурдагы "сабаттуулар" берип жиберген жерлерди бүгүн биз, "сабатсыздар" кайтарып келип атабыз. Сиз кол коюп жиберген протокол боюнча “ал мыйзамсыз, туалетке барса болот” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп, ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухка түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот”, - деген анда Садыр Жапаров.

Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон "Төрт Көчө" жөнүндө протокол Тажикстанда күчтүү, негизги документке айланганын айрым эксперттер белгилешет.

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Фейсбуктагы баракчасында узундугу 275 метр жерди ижарага алууга макулдук берүү менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы чоң саясий ката кетирген деген пикирин бөлүштү:

"Маселе ушунда да...Эл аралык мамиле үчүн сен өз мамлекетиңде кол коюлган документти мага демектен өрттөп жибер, бирок биз ал документти тааныйбыз, ага баш ийебиз, аны колдооого алабыз деген учурлар тарыхта көп эле кездешет... Эл аралык мамилелердин өзгөчөлүгү ушунда да. Эң жүйөлүүсү: ал 275 метр жерди Кыргызстан ижарага алат деп кол койгон мамлекеттик кызматкер облустун губернатору же райондун акими эмес. Президент өзү дайындаган, конституциялык негизги органдардын бири - Коопсуздук Кеңештин катчысы болуп атпайбы!", - деп жазды Акматалиев.

Мадумаровдун чек ара протоколуна кол койгонуна укуктук баа берилишин талап кылгандардын бири - журналист Зулпукар Сапанов:

Зулпукар Сапанов.
Зулпукар Сапанов.

"Төрт-Көчө боюнча кол коюлган протоколдо Мадумаровдун күнөөсү бар же жогу укуктук негизде такталышы керек. Быйыл Баткенге барганымда да эл арасында абдан нааразылык көп экенин байкадым. Төрт-Көчөдөгү протоколго кол коюлгандан кийин сайдын ичин, суунун ылдыйкы тарабын алдырдык деп көрсөтүштү. Көрүп абдан зээниң кейийт экен. Ошонун аныгы билинип, чын эле жергиликтүү эл айткандай болгонбу же башкабы, укуктук негизде баа берилиши керек", - деди Сапанов "Азаттыкка".

"Сын айткандардан коркпош керек"

Адахан Мадумаров акыркы чакырылышта Жогорку Кеңешке эң көп добуш менен шайланып келген депутаттардын бири. Ал парламентке келгенден бери бийликтин чечимдерин сындап, өкмөт башчылары катышкан отурумдарда аларга катуу каяша айткан учурлары болгон. Кемпир-Абад иши, кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо да кыргыз бийлигинин позициясына нааразылыгын ачык билдирген. Мындан улам Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан. Президент Садыр Жапаров да маалымат каражаттарына курган маектеринде Адахан Мадумаровдун ысымын бир нече ирет айтып, сындаган жайы бар.

Мадумаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен элге социалдык төлөмдөрдү төлөөдө Конституциянын беренеси аткарылбай жатканы боюнча кайым айтышканы белгилүү. Кийинчерээк “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча Баш мыйзамда каралган талаптарды аткарбай жатканын негиз кылып, Министрлер кабинетин таратууга сунуш берген. Бирок ал өткөн эмес.

Адахан Мадумаровду бийликти сындап, оппозицияда жүргөнү үчүн камалды деген пикирлер да айтылууда. Мурдагы министр жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Улукбек Кочкоров Фейсбуктагы баракчасына бийлик мурдагылардын катасынан сабак алышы керек деген пикир калтырды:

"Эгерде бийлик башында болгонумда, мага, кылып жаткан ишиме, жүргүзүп жаткан саясатыма карата сын айткан Адахан Мадумаровдой кишилердин

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

болушун каалар элем. Андайлардын айткан сыны туура жолдон адашпоомо, элдин акысына кирип кетпөөмө, акыреттеги сыноомдун жеңил болушуна чоң жардамы тиймек. Ал эми "сиз туура кылып жатасыз, акылдуусуз, кыйынсыз" деп ар бир кадамында мактаган кошоматчылар ансыз деле жетиштүү. Мына ошол кошоматчылардын айынан аңга түшүп, элинен безген падышаларыбыз мекенине батпай чет элде отурат. Алардын өкүнүчү, арманы аттын башындай. Чындыкты айткан кишини жаман көргөнүнө, кошоматчылардын бал ширин сөзүнө моюп жүргөнүнө өкүнүп отурат. Бирок кеч. Кошоматчыларга эмне, алардын тагдырына боору оорумак беле, кайра эле жаңы падышага кошомат кыла берет. Аларга майлуу кызмат болсо, кара курсак тойсо болду.
Падыша сын айткан кишиден эмес, кошоматчылардан коркушу керек", - деп жазды Кочкоров.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын кызматкерлери 2-сентябрда кармап, камашты. Ушул эле күнү түндө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мадумаров 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

2-сентябрда ИИМ саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлган тууралуу маалымат таратты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул күнү Фейсбуктагы баракчасына “Кимде ким мамлекетке чыккынчылык кылса, кимде ким мамлекеттин ичине бүлүк салуу аракеттерди жасаса, аларга аёо болбойт. Күч органдарынын жообу андай жарандарга катуу болот!” деген билдирүү жарыялап, ал депутат кармалган учурга туура келген. Ташиев кимдир бирөөнүн ысымын так атаган эмес.

58 жаштагы белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров парламенттеги оппозициялык көз караштагы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери. 1995-жылдан бери Жогорку Кеңештин беш жолку чакырылышына депутат болду.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин вице-премьер-министр, мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоого "Ак Жол" партиясын баштап барып, спикер болгон. Бирок жарым жыл өтпөй "жаңгак чырынын" арты менен кызматтан кеткен. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин катчылыгын жетектеген.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен үч жолку парламенттик шайлоого катышты. Алгачкы эки шайлоодо партия босого чекке бир аз гана жетпей калса, 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жеткен. Бирок 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү башаламандык менен аяктап, бийлик алмашкан.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” алты мандат алган.

Мадумаров үч жолку президенттик шайлоого катышып, алдыңкы үчилтикке кирген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG