Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

"Бийлик оппозиция менен бейөкмөт уюмдарды күзгү катары колдонсо болмок"


Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жылдык ишин аяктап, жайкы эс алууга тарады. Өзгөргөн Конституциянын алкагында азыркы парламент кандай иштеп жатат? Өзүнө берилген ишенимди актап жатышабы? Дегеле парламент өзү кандай ролду аткарып, эмне милдет өтөшү зарыл? Ушул жана башка суроолорго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко жооп берди.

- Наталья айым, саламатсызбы? Жогорку Кеңештин азыркы курамынын быйылкы ишинин жыйынтыгын кандай баалайсыз? Анын иши элдин үнүн канчалык чагылдырып, элдин үмүтүн канчалык коргоду деп ойлойсуз? Анткени парламентарийлер түз шайланып келген элдин өкүлдөрү эмеспи?

- Кутман күн. Биринчиден, мен күчтүү парламенттин жактоочусу бойдон калганымды айткым келет. Себеби, ушундай жол менен гана коомдо элдин ар түрдүү катмарынын үнү угулат деп эсептейм. Экинчиден, мен өзүмдүн атымдан азыркы парламенттин депутаттарына сын айтканым ыңгайсыз болуп калат. Ошол эле маалда жаран катары, 11 жыл депутат болгон адам катары айтаарым – жаңы президенттик башкаруу системасынын алкагында парламенттин позициясы жетишерлик эле алсыздандырылган. Бул эми парламенттин мыйзам чыгаруучу ролуна деле таандык эмес, анткени ал өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруучу, көзөмөлдөөчү орган бойдон кала берет. Бирок, парламенттин саясий өңүттөгү маселелерди канчалык көтөрө алат, депутаттар канчалык деңгээлде жарандардын атынан бийликке ыңгайсыз, оңтойсуз, курч маселелерди көтөрүп чыга алат – кеп мына ушул жагында.

Мен ойлойм, парламентте кантсе да андай курч маселелерди көтөрүп жаткан күчтүү депутаттар азыр да бар, ошол эле маалда депутаттардын көпчүлүгү саясий, курч маселелерди көтөрүүгө батынбай турушат. Ошол себептен жарандар көтөрүп жаткан курч жана маанилүү суроолорго парламент реакция жасай албай калган учурларды көрүп жатабыз. Мен укканыма караганда курч сүйлөгөн депутаттарга басым жасалган убактар бар, ошого карабай мен азыркы чакырылыштын депутаттарын сынга алгандан алысмын. Анткени күчтүү депутаттар бар, жакшы көтөрүлгөн демилгелер, жакшы иштер да бар. Ошол эле маалда депутаттар жарандардын тынчын алып жаткан көйгөйлөрдөн алыстабаш керек, мисалы, андайлардын катарында сөз эркиндиги, “Азаттыкка” жасалып жаткан акыйкатсыз мамиле да бар. Так жазылган эрежелер жок учурда социалдык тармактын колдонуучуларын да кысмакка алуу туура эмес. Ушундай учурда депутаттар бул маселени күн тартибине киргизүүдөн тартынбашы керек. Же суу маселесин алалы. Булар парламенттин Конституцияда каралган көзөмөл функциялары. Бийликке жакпаса да мындай маселелерди парламент көтөрүп турууга милдеттүү, антпесе парламенттин кимге кереги бар?

- Акыркы бир жыл ичинде парламентте бир катар олуттуу, курч окуялар болуп өттү, алар коомдо кызуу талкууланды. Алардын катарында, мисалы, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин ратификацияланышы, депутаттардын Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук бериши. Мындай окуяларды сиз кандай бааладыныз? Өз сөзүңүздө сиз депутаттарга басым жөнүндө айттыңыз, басымга ушундай чакта кантип туруштук берүү керек деп ойлойсуз?

- Билесизби, мен азыр парламенттин мүчөсү болбогондон кийин кандай басымдар болгону тууралуу айта албайм. Бирок, ошол эле маалда тыштан байкоо салып турган жаран катары айтаарым – мени мындай талылуу маселелерде ушундай чечимдердин кабыл алынышы өкүндүрөт. Өлкө үчүн, жарандар үчүн маанилүү маселелер, атап айтканда, мамлекеттик чек ара, же башка болобу, жабык эшик артында талкууланып жатканы жарандар арасында ар түрдүү суроолорду, ар кандай пикирлерди жаратпай койбойт. Суроолор жарала берет, бирок, алар жоголуп кетпейт да. Анткени парламент чек ара, коопсуздук, жер сыяктуу талылуу маселелерди ачык-айрым талкуулап ала турган жер. Ошол эле депутат Адахан Мадумаровду, же оппозициянын өкүлдөрүн алсак, дегеле, бийликке оппозициянын же болбосо бейөкмөт уюмдардын болгону чоң эле олжо, анткени дал ошолор аркылуу бийлик коомдо жүрүп жаткан процесстерден, айтылып жаткан пикирлерден кабардар болуп турат эмеспи. Алар менен күрөшкөндүн ордуна бийлик аларды өзүн каранган күзгү катары колдонсо болмок.

Адахан Мадумаров боюнча алгач комиссиянын, кийин парламенттин кабыл алган чечими – бул жакшы эмес прецедент. Буга чейин да мындай прецеденттер болуп келген. Ошондуктан парламент мындай сезимтал, назик маселелерге өтө кылдат мамиле кылганы оң, себеби, мындай окуя ар кимдин башына келип калышы ыктымал. Мына дагы бир депутат Өмүрбек Бакировдун үстүнөн сот болд. Элдик курултайдын өкүлдөрү болсо “депутаттарды чакыртып алабыз” деп тап коюшууда. Мындай окуялар эми мындан ары дагы боло берет, анткени парламенттин өзү буга кылдат, аяр карабаса, өзүнө жасалган басымга каш кайтарууга жарабаган органдын кейпин кийсе, анын аягы эмне менен бүтөрү түшүнүктүү. Анткени мындай басым өз ой-пикирин ачык айткан ар бир депутаттын башына түшүшү ыктымал. Бул жакшы эмес прецедент, аны ар бир депутат түшүнүшү керек.

- Эми парламенттин ыйгарым укуктарына келели. Жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңештин айрым укуктары кыскартылды, натыйжада азыркы депутаттар, мисалы, 6-чакырылыштагы депутаттардай күчтүү эмес. Мындай шартта күчтүү, калыс депутат болууга мүмкүнбү, анткени депутаттар күчтүү жана объективдүү болсо, бүт курам ошондой болот эмеспи?

- Албетте, Конституция депутаттардын ишине олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди, ошого карабай, Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруучу, өкүлчүлүктүү, көзөмөлдөөчү маанилүү функциялары калтырылды. Көзөмөлдөөчү функциясында дагы 6-чакырылыштыкына караганда өзгөрүүлөр бар. Ошого карабай парламент бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулукту сактап, тизгин кармап туруучу өтө күчтүү саясий оюнчу катары кала берет. Мен азыркы депутаттарга иштөө канчалык татаал болуп жатканын түшүнүп турам. Депутаттар коомчулуктун көз алдында аквариумдагыдай абалда эле иштешет, андыктан кайсы бир нерсени жаап-жашырып коюу мүмкүн эмес. Жабык эшик артында өткөн жыйындагы сөздөрдү, чечимдерди да ката албайсың, ошондуктан парламент колдон келишинче өзүнүн дараметин жана функцияларын толук колдонууга тийиш.

Азыр коомчулукта бир миф бар – жарандар референдумда президенттик башкаруу үчүн добуш беришти, бийлик бир колго топтолушу керек деп айтышат. Мен Конституциялык кеңешме маалындагы пикир алмашуу, талаш-тартыштарды унута элекмин. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү биздин мамлекетке ылайык келе турган башкаруу формасын, Конституциялык түзүлүштү издеп жатканда дүйнөнүн көп мамлекеттеринин бай тажрыйбаларын караганын айтышкан. Азыр көрүп турганыбыздай, Конституциянын авторлору Америка Кошмо Штаттарынын моделин алып, аткаруу бийлигинин башына президентти коюп, мамлекеттик катчы кызматын жана башка атрибуттарын сакташкан. Азыр коомдо ошол – президенттик башкаруу моделинде парламент эч нерсеге жараксыз деген миф бар, бул адашкан пикир, анткени ошол эле АКШда Дональд Трамп президент кезде Конгресс анын тигил же бул чечимдерин кантип колдобой коюп же кантип жокко чыгарып турганын жакшы билебиз. Бул мыйзам чыгаруучу органы кантип өз алдынча, көз карандысыз бийлик бутагы катары президенттик башкаруу формасында иштеп жатканын көргөзгөн классикалык мисал. Ошол эле маалда сот системасы дагы көз карандысыз, өз алдынча бийлик бутагы катары иштеш керек. Ошондо бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулук сакталып турмакчы. Тилекке каршы бизде сот системасында маселелер дагы деле болсо бар.

"Тыңчы" дегенден "өкүлгө" чейин. Талаштуу мыйзамга түшүндүрмө
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Эгер мыйзам чыгаруучу, сот системалары өз алдынча, күчтүү бийлик бутактары катары иштесе, анда бир колго топтолгон бийлик коомго ачык-айрым кызмат өтөшүнө кепилдиктер болот. Ушул ыңгайдан алганда парламент чоң роль ойнойт. Көп маселе азыркы курамга келген депутаттар өздөрүн кандай алып жүрөт, жоопкерчиликти сезе билген лидер катары өзүн санайбы – ушунда. Албетте, андай депутаттар бар, бирок кеп талылуу, коомчулук кулак түрүп карап калган маселелерде ал депутаттар кандай чечим кабыл алып жатканында. Азыр андай чечимдер кабыл алынса дагы тигил же бул депутаттын гана жеке позициясы бойдон калууда. Парламенттин ичинде дагы, тышында дагы системдүү, ырааттуу позицияга тургандар азайып кетти. Ушул ыңгайдан алганда бийликке эми кайсы күзгү калды – парламенттин абалы мындай, коомдогу абалга анализ жасап, аны жеткирип келаткан өкмөттүк эмес уюмдарды болсо кол бала кылып алууга аракеттер жүрүп жатат, маалымат каражаттарына дагы чектөөлөр салынууда.

Мага өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунан айрым депутаттар баш тартып жатканы үмүт байлап атат, анткени өлкөдөгү көптөгөн социалдык маселелерди дал ушул өкмөттүк эмес уюмдар чечип, жонуна көтөрүп келатат. Ушундан улам мен депутаттардан Конституцияда каралган функцияларын толук аткарып, саясий эркке толуп, саясий лидерге айланып, жоопкерчиликтүү кадамдарды жасайт деп күтөт элем, себеби бийликтин колунда өзүн-өзү карап тургудай парламенттен башка олуттуу күзгү калбай баратат.

- Жакында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен айрым эл өкүлдөрүнүн ортосунда депутаттын ролу, жалпы эле парламенттин орду тууралуу талаш-тартыштар болду. Ага жооп катары Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен Байсаловду ээлеген кызматынан бошотууну президентке сунуш кылды. Бул жагдайды кандай бааладыңыз? Президент бул маселеде кандай чечим кабыл алышы керек деп ойлойсуз?

- Президент кандай чечим кабыл аларын мен билбейм, ал анын эрки да. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин токтомуна таптакыр көңүл бурбай коюу да туура эмес болуп калат, анткени саясий этиканы эч ким жокко чыгара элек да. Депутаттардын Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жыйын маалында өтө чапчаң, катуу айткан учурларда сын-пикирлер айтылып келатканын билебиз. Андайда ар бир учурду өз алдынча талдап, депутат чектен чыктыбы же жокпу карап көрүү керек. Бул - иш, иш маалында депутаттар ыңгайсыз, жагымсыз, оңтойсуз, курч суроолорду бериши мүмкүн.

Аларга жооп алуу депутаттын саясий ишинин бир бөлүгү. Ошол эле маалда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү дагы мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого милдеттүү. Эдил Байсаловдун “депутаттар ким” деп айтканы мени аябай таң калтырды. Эч ким президентти эл шайлай турганын талашпайт, бирок, ошол эле маалда парламенттин Конституцияда каралган укук, милдеттери бар, ал башка бийлик бутактары менен иштешиши керек, бул биринчиден. Экинчиден, ошол эле эл парламентти дагы шайлаган, андыктан, депутаттар элдин атынан сүйлөөгө укуктуу жана милдеттүү. Ушул ыңгайдан алганда президент менен парламентти бири-бирине каршы коюп, парламентти басмырлоо Министрлер кабинетинин жетекчилигине кадыр-барк алып келбейт. Бул эми саясий этиканы сактабоо болуп калат.

- Айрым депутаттар коомдук резонанс жараткан стандарттуу эмес демилгелери менен айырмаланышты. Мындай демилгелерге, мисалы, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун, массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун же казинолордун ачылышына алып келген “Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамды кошсо болот. Бул парламенттин табиятыбы же айрым депутаттардын жеке демилгесиби?

- Калыстык үчүн айтсам – мындай демилгелер жаңы эмес, алар дайыма болуп келген, боло бермекчи. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорлору 5-чакырылыштан бери эле демилгеленип келатат. Бирок, азыркыдан айырмасы 5-чакырылыш башкаруу формасы парламенттик республика маалында иштеген, ал ирет депутаттар бул мыйзам долбоорлору коомдун ар түрдүү катмарлары менен кеңири талкуулап, соңунда аны андан ары жылдырбай коюу чечимине келишкен. Ошол 5-чакырылыш маалында колдоо таппаган мыйзамдар эми кайрадан 7-чакырылыштын учурунда көтөрүлүп, айрым учурда колдоо да таап жатат. Парламент коомдун ар түрдүү катмарлары менен жетиштүү байланышпай жаткандай. Ошол эле маалда маалымат каражаттарынын көбү дагы алардын кесиптештерине жасалган айрым басымдардан кийин аярлап иштеп калганын көрүп турабыз. Ушундай шартта жанагыдай демилгелер кеңири, терең талкууларсыз эле тез өтүп кетип жатат. Бул эми коомго жакшы жагынан таасир бербейт. Ага карабай айрым депутаттар авторлуктан баш тартып, өз колдорун чакыртып алып жатканы адамга үмүт байлайт.

- Парламенттин ишинин натыйжалуулугун кантип жакшыртууга болот? Кандай кеп-кеңештерди берет элеңиз, анткени, сизде чоң тажрыйба бар эмеспи. Классикалык түрдө парламент кандай болушу керек?

- Парламент биринчи кезекте өзүнүн саясий жана тарыхый жоопкерчилигин толук аңдап түшүнүшү керек. Анткени буга чейин парламенттин алты чакырылышы иштеген, алардын жаман-жакшы жактары баарыбызга белгилүү. Алардын катарында парламенттик башкаруудагы мамлекеттин тушунда иштеген эки чакырылыштын да бай тажрыйбасы, кемчиликтери бар. Бул ыңгайдан алганда алар да ката кетирбегенге, саясий жоопкерчиликти, жарандардын атынан келген өкүлчүлүк орган катары алардын көйгөйлөрүн көтөрүп, аларды чечүүдөн, мыйзамда каралгандай аткаруучу бийликтен маселенин аткарылышын талап кылуудан тартынбашы керек. Оор, курч суроолордон качпай, аларды көтөрүп,талкуулагандан качпоо зарыл. Бул өтө маанилүү. Парламент мүчөлөрүнө мен күч-кубат, кайрат каалап, бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту сактай турган бийликтин бир түркүгү экенин аңдап билишин каалайт элем. Ансыз мамлекет нормалдуу түрдө өнүгүп, иштеши кыйын.

- Сизге рахмат, ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG