Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

"Өздөрү эле чечип, талкууга чыгарып койду". Адвокаттарды нааразы кылган мыйзам долбоору


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор парламенттин тармактык комитетинде талкууланды. Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана бир катар жактоочулар бул мыйзам адвокаттардын ишин чектей турганын айтып чыгышты.

Ал эми Юстиция министрлиги долбоор адвокаттардын ишин ачык кылууну көздөйт деген түшүндүрмө берди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 13-июндагы жыйынында Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда Юстиция министрлиги сунуштап жаткан өзгөртүүлөргө адвокаттар коомчулугу каршы экенин жана мыйзам басым менен өтүп жатканын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов айтып чыкты.

"Биздин тармактык комитет мыйзам болгондон кийин биздин сунушту эске алышы керек эле. Адвокаттык коомчулукка чыгарбай эле министрлик өздөрү демилгелеп, сайтына "коомдук талкуу" деп эле формалдуу чыгарып койгон. Бир тараптуу эле кеткен, анан бир-эки талкуу уюштуруп эле парламентке киргизип кетип атат. Жумушчу топту деле өздөрү формалдуу түзүп, кеңештен кошкон эмес", - деди Райымкулов "Азаттыкка" берген маегинде.

Анын айтымына караганда, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн Европа биримдигинин долбоорунан атайын каражат бөлүнгөн. Ал каражаттар эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин кызмат акысына жумшалышы керек болчу. Бирок ал курамга да адвокаттар коомчулугунан эч ким кирбегенин кошумчалады.

Ал эми жумушчу топту жетектеген депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганын айтты:

Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

"Адвокаттарга да эл арасында нааразылык күчөдү. Ар бир адвокатка кайрылган жаран акча төлөп жаткандан кийин укуктук жардамды алыш керек. Аларды алдабаш үчүн баары ачык болушу керек. Кээ бирлери келишим да түзбөй эле акчаны ала беришет же айткан сөзүнө жооп бербейт. Эгер сен ачык иштеп жатсаң, эмнеден коркосуң? Чындыгында буларды эч ким текшербейт да, ким менен канча келишим түзгөнүн, аягында эл жабыр тартууда. Булар этика боюнча комиссияга Юстиция министрлигинин эки мүчөсү кирбесин деп каршы чыгышты. Менин оюмча лицензияны берип жаткан орган сөзсүз комиссияга кириш керек. Алар билиши керек, кимге лицензияны берип жатат, эмнелерди эске алыш керектигин. Эгер 50% адвокат 50% министрликтен болуп жатса мейли дейт элем, бул жерде болгону экөө гана болуп жатат. Алардын добушу негизги эмес да. 70% адвокаттан туруп жатат, алар бири-бирин коргой алат да".

Кожокулова жумушчу топто беш адвокат иш алып барганын кошумчалады.

Сунушталган мыйзам долбоорунда кандай өзгөртүүлөр бар?

Сунушталып жаткан мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык адвокаттардын курултайы мурда үч жылда бир чакырылса, эми бир жылда бир өтөт.

Адвокаттардын этика комиссиясы мурда тогуз адамдан туруп, ага адвокаттар эле кирсе, эми тогуз адамдын экөө Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнөн турат.

Мурда адвокат менен кардардын ортосундагы келишимде кызмат акы ачык көрсөтүлбөсө, эми ал ачык айтылат. Башкача айтканда бул адвокаттык сыр болуп эсептелбейт. Мындай беренеге көпчүлүк адвокаттар каршылыгын билдирип, кызмат акы адвокаттык сыр бойдон калышы керектигин айтып жатышат.

"Адвокаттын алып жаткан гонорары келишимде көрсөтүлүп, элге ачык чыгып жатканына жараша медиктердикиндей же башка кызматкерлердей эле транспорт жана башка чыгымдары бар да. Ошолорду эске ала тургандай кылып Салык кодексине "адвокаттын иши" деп өзүнчө пайыздар коюлушу керек. Соцфондго пенсиялык фондго бардык жерге. Ушундай жанаша мыйзам чыгышы керек. Бул сунушту айтканбыз, бирок Салык кодекси өзгөртүүсүз калат деп койгон", - деди адвокат Акынбек Ногоев.

Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловдун айтканына караганда, жактоочулар түшкөн пайданын 10% салык катары төлөп келген. Бирок парламенттеги талкууда Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков көпчүлүк адвокаттар кызмат акынын суммасын жашырып, айрым учурда аз жазып койгон учурлар болуп жатканын билдирген.

Бийликке жакпаган адвокаттан лицензияны кайтарып алууга жол ачылабы?

Ал эми жактоочу Бакыт Автандил адвокаттардын Этика комиссиясына Юстиция министрлигинин эки өкүлүнүн кириши бийликке жакпаган адвокаттарга басым кылууга мүмкүнчүлүк ачарын айтууда.

Бакыт Автандил
Бакыт Автандил

"Негизинен жарандардын адвокаттарды жоопко тартуу боюнча каттары көз жаздымда калып келет, башкача айтканда бири-бирине көз жумуп коет. Менин түшүнүгүмдө бул жерде адвокаттарды толук көзөмөлгө алгысы келип жатат. Эгерде адвокат өзүнүн позициясы же ошол эле оппозиционер, активисттерди коргоп жатканы үчүн аны четке кагып салууга же лицензиясын кайтарып алууга жол ачылат. Керек болсо басым болушу мүмкүн. Негизи эле адвокаттын ишине кийлигишүү туура эмес".

Парламенттеги талкууда Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Этика комиссиясы ушул убакка чейин мыйзам бузган адвокаттарга чара көрбөгөнүн айтып, Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкуловдун ишин сынга алган.

Орозбек Сыдыков
Орозбек Сыдыков

"Этика комиссиясы бүгүнкү күндө көз каранды эмес. Ал сиздин алдыңызда. 4500 адвокаттан бир жылда бир адвокатка жаза берсеңер бересиңер, бербесеңер жок. Экөөбүз башка мамлекеттерди да көрдүк. 700-800 адвокаты бар өлкөлөр 20-30дайын лицензиясынан ажыратат. Экинчи маселе, ошол Этика комиссиясы арыздарды жылдап карабайт. Эл ыйлап депутаттарга, башка органдарга барып жүрөт. Жада калса кворум болбойт ал жерде, өзүңүз билесиз да. Бул жерде биз Юстиция министрлигинен эки өкүл киргизип жатабыз, бешөө адвокаттар. Кандай болсо да биздин өкүлдөр отуруп, ошол жерди ынтымакка чакырып, тартипке чакыруу максатында түзүлүп жатат".

2021-жылы күзүндө өткөрүлгөн адвокаттардын экинчи курултайына президент Садыр Жапаров да катышып, жактоочулар ээн-эркин көз карандысыз иштеши керектигин билдирген. Бирок адвокатуранын курамын шайлоо жаңжал менен коштолгон.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык эми адвокаттардын курултайы бир жылда бир жолу өткөрүлөт. Жактоочу Бакыт Автандил курултайды бир жылда бир өткөрүү туура эмес деген ойдо.

"Анткени адвокаттардын бюджети мамлекеттен каржыланбайт да, мүчөлүк акы менен толукталып турат. Эгер жыл сайын же кезексиз курултайды өткөрө берсе, адвокаттардын эле чөнтөгүнө күч келет".

Дагы бир адвокат Салима Белекова тескерисинче сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоп жатат:

"Мыйзамга туура сунуштар киргизилиптир. Себеби тажрыйба көргөзгөндөй үч жыл - узак мөөнөт. Анткени бул мөөнөттө адвокатуранын мүчөлөрү башкаруу органдарынан отчет алганга кыйынчылык туудурарын көргөздү".

13-июндагы парламенттеги талкууда депутат Жусупбек Коргонбай уулу айрым адвокаттардын ишин сынга алып, кээ бирлери өздөрү коррупциялык иштерге аралашып жатканын айткан. Мындан улам бул мыйзамга дыкат көңүл буруу керектигин, адвокаттар мындан пайдаланып кызмат акыны көтөрүп салбашы үчүн көзөмөл жүргүзүү керектигин белгиледи.

Учурда Кыргызстанда адвокаттык иш жүргүзүүгө 3771 адам лицензия алган. Юстиция министиринин орун басары Орозбек Сыдыков жактоочулардын канчасы кандай суммада мамлекетке салык төлөрү тууралуу так маалымат жок экенин кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG