5-октябрга караган түнү орус армиясы "Шахед" жанкечти дрондору менен Украинага сокку урду. Москва болсо украин күчтөрү Орусиянын чек ара аймактарына да чабуул койгонун билдирди.
Украин армиясынын маалыматына караганда, Орусия аткан 29 учкучсуз учактын 24ү Кировоград, Николаев жана Одесса облустарынын үстүнөн атып түшүрүлдү. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Орусиянын Курск облусунун губернатору Роман Старовойттун айтымында, украиналык дрондор Суджа, Коренев, Глушков райондорундагы инфраструктурага чабуул койгондо электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Shot Телеграм каналы өз булагына таянып, 67 калктуу конуш электр жарыгысыз калганын жазды.
Украина чек арадагы Рыльск шаарын учкучсуз учактардан тышкары кассеталык ок-дары менен атканын Старовойт кошумчалады. Жараат алган бир тургун ооруканага жаткырылды.
- Украинанын Defence Express маалымат-консалтинг компаниясынын болжолдуу эсебинде Орусия согуш баштагандан бери Украинага 500дөн ашуун "Шахед" дрону менен сокку урду.
Дагы караңыз
Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшү тууралуу үн каттыГрозныйда Куранды өрттөөгө шектүү Никита Журавлдин иши сотко өттү "Алтуха" аттуу кримтоптун мүчөсү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыкты