Орусияда мыйзамсыз мигранттарга банкта эсеп ачууга, никеге турууга тыюу салуу сунушталды

Орусияда полиция кармап бараткан мигранттар.

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарга айрым кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги министрликтин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казаковага таянып жазды.

Тактап айтканда, мыйзамсыз мигранттарга автоунаа же кандайдыр бир мүлк каттаганга, банктан эсеп ачууга жана никеге турууга тыюу салуу каралып жатат.

“Эгер сен мыйзамсыз мигрант болсоң, бул кызматтардан пайдаланууга укугуң жок”,-дейт Казакова.

Октябрь айында Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин орус паспортун алып, бирок Украинадагы согушка катышууну каалабагандарды жарандыктан чыгарууну сунуштаган. Көп өтпөй Тергөө комитетинин Москва шаардык бөлүмү орус жарандыгын алган 22 теги борбор азиялыкка аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан деген кине менен кылмыш ишин козгоду.

Дагы караңыз

Блинкен Газанын жай тургундарын коргоо талабы менен Израилге бардыКазак активисти Марат Жыланбаев ачкачылык жарыяладыМосквада белгилүү бизнес-блогер Аяз Шабутдинов кармалды