АКШда "Нортроп Грумман" компаниясынын бомбалоочу стратегиялык учагы B-21 "Райдер" биринчи жолу асманга көтөрүлдү. Күбөлөрдүн видеолору социалдык медиага жарыяланды.
Учак Лос-Анжелестен 100 чакырым алыс АКШнын аскер-аба күчтөрүнүн 42-заводунун аэродромунан 10-ноябрда абага көтөрүлгөн. Reuters агенттиги кабарлагандай Аскер-аба күчтөрү бул тууралуу алдын ала маалымат берген эмес. Бирок учуу процессин көрүүгө фотографтар, авиациянын ышкыбоздору барган.
Бомба таштоочу учак коомчулукка биринчи жолу өткөн жылдын декабрында көрсөтүлгөн. АКШнын аскер-аба күчтөрү аны бир нече жылдан кийин алышы мүмкүн. Учак жайылган канаттын үлгүсүндө жасалып, сигнал кармоочу антеннага илинбейт жана өзөктүк курал ташыганга жөндөмдүү. Келечекте ал учкучсуз башкарыла тургандай жасалышы мүмкүн экени болжолдонууда.
Пентагон мындай учактардан 100дөн 200гө чейин алууга белсенүүдө. B-21дин баасы жашыруун. 2010-жылы аны жасоо пландалып жатканда баштапкы баасы 550 млн доллар деп эсептелген (2023-жылдагы инфляцияны эске алганда 750 млн доллар).
АКШнын аскер-аба күчтөрүндө жаңы стратегиялык учак мурдагы B-1Б жана B-2Аны алмаштырышы мүмкүн. Бул үлгүдөгү учактардын бири 1973-жылы, экинчиси 1987-жылы ишке берилген. Булар менен кошо америкалык авиацияда 1952-жылы чыккан B-52 да 2040-жылга чейин пайдаланылат.
АКШ президенти Жо Байден өткөн жылы декабрда 2023-жылга карата 858 миллиард долларды түзгөн коргонуу бюджетинин долбооруна кол койгон. Бул сумманын 800 млн. доллары Украинага аскердик жардам катары бөлүнө турган болгон. Бюджет долбоорунда Орусиянын Европага коркунучун "токтотуу" үчүн 6 миллиард доллар бөлүү каралган. 10 млрд. доллар Тайванга аскерий жардам катары жөнөтүлмөк.
Документте өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы В-21 стратегиялык бомбалоочу учагын жасоо программасын толук каржылоо да каралган. Армияга дагы 36 F-35 учагын сатып алууга уруксат берилип, флот жаңы кемелерди курууга 32 млрд. доллар алары белгилүү болгон.
Дагы караңыз
Чеченстанда Кадыровдун 18 жаштагы баласы министрдин орун басары болдуОрус армиясы менен келишим түзгөн кыргызстандык Украинада каза болгону кабарланды 100 миңдей тургун Газа тилкесинин түндүгүнөн чыгып кетти