Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:53

Байден 858 миллиард долларлык коргонуу бюджетине кол койду


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден 2023-жылга карата 858 миллиард долларды түзгөн коргонуу бюджетинин долбооруна кол койду.

Бул өткөн жылдан дээрлик 80 млрд. долларга көп. Бул сумманын 800 млн. доллары Украинага аскердик жардам катары бөлүнөт. Бюджет долбоорунда Орусиянын Европага коркунучун "токтотуу" үчүн 6 миллиард доллар бөлүү каралган.

Вашингтон 10 млрд. долларды Тайванга аскерий жардам катары жөнөтөт.

Байден кол койгон документте өзөктүк куралды алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы В-21 стратегиялык бомбалоочу жабдыгын жасоо программасын толук каржылоо каралган. Армияга дагы 36 F-35 учагын сатып алууга уруксат берилди. Флот жаңы кемелерди курууга 32 млрд. доллар алат.

Коргонуу бюджети боюнча долбоор 4408 беттен турат. 50 млрд. доллардан ашыгы АКШдагы аскерий госпиталдардын инфратүзүмүн жакшыртууга жумшалат. Аскерлер жана жарандык кызмат өтөгөндөрдүн айлыгы 4,6 пайыз көтөрүлөт.

Бул АКШнын тарыхында коргонууга бөлүнгөн эң чоң каражат.

Документке ылайык, Вашингтон Москва менен аскердик кызматташууга дагы беш жылга тыюу салат, Орусияны эл аралык уюмдардан, анын ичинде "Чоң жыйырма" тобунан чыгарууга аракет кылмакчы.

2021-жылы АКШнын коргонуу бюджети 740,5 миллиард доллар (өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 3,5%) болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG