Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:12

Садыр Жапаров Санкт-Петербургга бейформал жолугушууга барат


Садыр Жапаров, Астана шаары. 14-октябрь, 2022-жыл.
Садыр Жапаров, Астана шаары. 14-октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага Кыргызстан, Беларус, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри катышары күтүлүүдө.

14-октябрда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышкан.

Анда КМШга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтүп, кеңешменин 2023-жылдагы жыйыны Бишкек шаарында өтөрү айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG