Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:28

Суранованын бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арыз 27-декабрда каралат


Перизат Суранова. 10-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.
Перизат Суранова. 10-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири, жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасына байланыштуу апелляциялык арыз боюнча отурум Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда өтөт.

Бул тууралуу адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди.

Ал Суранованын абалы оор экенин, өзү менен дагы жолугушууга чыга албай жатканын айтты.

"Тергөөчүнүн бөлмөсүнө да чыга албайт", - деди жактоочу.

​Буга чейин эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасына көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармаган Перизат Суранованын абалы оор экенин, ооруканага жаткырууну суранып жатканын жазган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган.

Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен техшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 15и ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптадан ашты. (КЕ)​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG