Эрдоган Швециянын НАТОго киришин колдогон документке кол койду

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон жана Түркия президенти Режэп Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бейшембиде Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду.

Эми Швециянын НАТОго киришине макулдугун бере элек Венгрия калды.

Узак жылдар бою нейтралитет макамын сактап келген Швеция Түндүк Атлантикалык альянска кирүү ниетин Финляндия менен чогуу 2022-жылы жазында билдирип, арызын берген. Буга Орусиянын Украинага кол салуусу себеп болгону кабарланган.

Альянстын курамына кирүү үчүн андагы өлкөлөрдүн баарынын макулдугу керек. Финляндия уюмга мүчө болгонго чейин НАТОдо 30 өлкө мүчө болчу.

Түркия Швецияга макулдук берүү үчүн бир катар шарттарын коюп, Стокгольм "качкын" макамын берген күрт активисттерин кайтарып берүүнү талап кылган. Анкара аларды террорчулар деп эсептейт. Жыйынтыгында ратификация жараяны узакка созулду.

Былтыр июлда Эрдоган Швециянын НАТОго киришин колдоого макулдук берерин билдирген.

Венгрия Швецияны укуктук мамлекеттин нормаларын сактабайт деген айыптоолору үчүн "каралоо" саясатын жүргүзөт" деп айыптап келет. Мындан тышкары Будапешт Москва менен тыгыз кызматташтыкта, ал эми Швеция Кремлдин саясатын сындап келет.

Түрк парламентинин ратификациясынан соң, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын өкмөт башчысы Ульф Кристерссонду Будапештке чакырды. Кристерссон жолугушууну кийинки аптада Брюсселде өткөрүүнү сунуштады. Ал Будапештке "эки саясатчыга бирдей ыңгайлуу учурда" барарын айтты.

Венгрия парламентинин төрагасы 25-январь күнү Швециянын НАТОго киришин шашылыш кароого зарылчылык жоктугун билдирди. Азырынча документти кароо күнү так эмес.

Швеция НАТОго кирбей туруп эле альянс менен активдүү кызматташып, аскердик машыгууларга катышып келет. АКШ "союзга кирүү жараяндары аягына чыкканча" өлкөнүн коопсуздугун сактоого кепилдик берген.

Дагы караңыз

Адам сатууга шектелген аялдар Түркиядан Өзбекстанга депортацияландыТокаев Алматынын жарандык коргонуу системасы жер титирөөгө даяр болбогонун билдирдиЖазуучу Мирзохалим Каримов дүйнөдөн кайттыЯкутия: Мигранттар иштеген базар жабык, интернет өчтүОрусия: Кыйраган Ил-76 үчүн жоопкерчилик кимде?