“Манас” эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматы “Талас” аймактык аэропорту ишке берилүүгө даяр экенин билдирди.
“Манас” аэропортунун директору Манасбек Самидинов 22-мартта “Талас” аймактык аэропорту учактарды жана жүргүнчүлөрдү кабыл алууга даяр экенин, аэропорттун жаңы курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан “Тез Жет” компаниясынын учактары жетишпегендиктен, бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан “Манас” эл аралык аэропорту былтыр сатып алган “Dash-8-400” үлгүсүндөгү учактар ушул жылдын май айында келээри менен президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган “Манас” аэропортунун туунду компаниясы “Асман Эйрлайнс” - өлкө ичинде курулган баардык аймактык аэропортторго каттамдарды ачып, элибизге кызмат кылып баштайт”, - деди Манасбек Самидинов.
“Талас” аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын баардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Аэропортту куруу иштери 2023-жылдын 15-июнунда башталган.
“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (BTo)
Дагы караңыз
ИИМ мечитке келгендерден машинени туура токтотууга чакырды«Союз» космос корабли Байкоңурдан акыркы мүнөттө учпай калдыКиевде "тынчтык формуласын" талкуулаган жыйын өттүУКМК 20 миң доллар пара талап кылган салыкчы кармалганын билдирдиТажикстанда селдин кесепетинен ондогон адамдар эвакуацияландыБишкекте жарым жылда коомдук транспорт катышкан 80 жол кырсыгы катталдыӨзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылды