Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Сейсмология институтуна шилтеме берип, 22-март саат 16:12де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.
Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга (Кум айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Жыл-Кол айылынан 4 чакырым түштүк чыгышта, Кызыл-Жар айылынан 4 чакырым түндүк чыгышта, Шамалды-Сай шаарынан 6 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
22-март саат 9:47де Тажикстандын аймагындагы очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында (Кара-Тейит айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Карамык айылынан 15 чакырым түштүктө, Баткен шаарынан 124 чакырым түштүк чыгышта) 3 баллга чейин сезилген.
Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстандын аймагында жер бир нече жолу силкинген. 23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, кыйроолор жана жапа чеккендер жок экенин кабарлаган. (BTo)
Дагы караңыз
«Союз» космос корабли Байкоңурдан акыркы мүнөттө учпай калды“Талас” аймактык аэропортунун курулушу бүттүИИМ мечитке келгендерден машинени туура токтотууга чакырдыКиевде "тынчтык формуласын" талкуулаган жыйын өттүУКМК 20 миң доллар пара талап кылган салыкчы кармалганын билдирдиБишкекте жарым жылда коомдук транспорт катышкан 80 жол кырсыгы катталдыБишкекте нөшөрдөн улам бир катар турак жайларды суу каптады Өзбекстан Борбор Азиядагы эң бактылуу өлкө деп таанылды