Шамалдан жабыркагандар 26га жетти, эки адамдын жамбашы сынган

Бишкекте шамалдан жабыркаган мектеп, бала бакчалар.

28-мартта болгон катуу шамалдан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жаракат алып ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, алардын ичинен ушул тапта алты адам ооруканада жатат. Калган 20 киши үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Эки адамдын жамбашы сынып, калгандары башынан жаракат алган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, шамалдан Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында баш-аягы 154 объект - 70 социалдык мекеме, 80 турак жай, төрт чарбалык курулуш зыян тарткан.

Шамалдын кесепетин жоюу, материалдык чыгымды тактоо иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен.

28-мартта социалдык тармактын колдонуучулары шамал Бишкекте бир нече имараттын чатырын учуруп, бак-дарактар кулап автоунааларды басып калганы тартылган сүрөт-видеолорду жарыялашкан. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте жаш киночулардын XI "Үмүт" форуму башталдыБаткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту Бишкекте таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталдыАла-Арча паркында адашып кеткен орусиялык туристтер куткарылдыОрус армиясы Украинанын аймагына “Шахеддер” менен жапырт сокку урдуЭсептөө палатасынын инспектору мектеп, бакча директорлорунан пара талап кылууга шектелүүдө