Папан суу сактагычына 20-25 МВттык чакан ГЭС курулат

Чакан ГЭСти куруу боюнча макулдашууга кол коюу иш-чарасы.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан Папан суу сактагычына 20-25 МВттык чакан гидроэлектростанция куруларын билдирди.

ГЭСти куруу боюнча “Чакан ГЭС” компаниясынын директору Нурлан Садыков менен “Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому” ишканасынын башчысы Цзян Лицзи макулдашууга кол койду.

Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун суммасы 27 миллион долларды түзөт. Энергетика министрлиги “Гидроэнергетика куруу боюнча кыргыз-кытай биргелешкен коому” ГЭСти курууда Кыргызстандын бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алганын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

ТИМ Москвада кармалган Токобаевдин иши тууралуу маалымат бердиCPJ бийликти 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырдыБыйыл Орозо айт намазы мечиттерде гана окулдуБейбаштыкка айыпталган алты киши эки айга камалды9-апрель: Абактан чыккан журналисттер, “мекенчилдердин” иши, Казакстандагы сел