Азия чемпионаты: кыргызстандык эки балбан финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков.

16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Раззак Бейшекеев финалга чыкты.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмак ченинде 1/8 финалда индонезиялык балбан Супарманто Супармантону 11:0 менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. Чейрек финалда Өзбекстандан келген Илхом Бахромовду 8:0 менен, жарым финалда ирандык атаандашы Амирреза Дехбозоргини 11:0 менен утуп финалга чыкты. Эми алтын медал үчүн жапониялык Каито Инаба менен кез келет.

Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта биринчи беттешинде монголиялык балбан Ганбаяр Намсрайды 14:0 менен утту. Чейрек финалда казакстандык Алматбек Аманбекти 7-1 менен жеңди. Жарым финалда Түштүк Кореядан келген Ханжае Чонгду 2:1 менен утуп финалга чыкты. Финалда ирандык балбан Саед Мурад Исмаили менен күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде өтүп жатат. 15-апрелде Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күмүш, Улан Муратбек уулу грек-рим күрөшүнөн 55 кг салмакта коло медал жеңген.

Буга чейин эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын медал алышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Украина Орусия учурган дрондун баары кармалганын билдирди Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизгени кабарландыБонецкий лабораториясына 423 миллион сомдук айып салындыКара-Сууда ыдык көрдү делген кыздын жакындары чогулуш өткөрдүБишкек мэри: Ататүрк паркынан жер берүү боюнча чыккан буга чейинки 124 токтом жокко чыгатЗордукталган наристе дарыгерлерге өткөрүп бериле электиги айтылдыБишкектин мэри орун басарынын камалышына байланыштуу комментарий берди