Улуттук банк президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия берди

Оңдон экинчи адам Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев.

Улуттук банк 3-декабрдагы чечими менен “Берекет банк” жабык акционердик коомуна улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берди.

Банкты президент Садыр Жапаровдун кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов негиздегени быйыл октябрь айында белгилүү болгон.

Улуттук банк 10-октябрда “Берекет банк” жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берген чечим кабыл алган. Ал 20-октябрда Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Жаркынбек Сагындыков жетекчи болгон.

Садыр Жапаров жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао макул болбогонун айткан. Президент уулу мамлекеттик иштерге киришпей турганын жана “Берекет банк” көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын кошумчалаган.

Binance криптовалюталык компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао быйыл жайында Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 24-октябрда Бишкекте өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышкан.

Кыргызстанда 20дан ашык коммерциялык банк бар. (BTo)

Дагы караңыз

Тайланд-Камбоджа чек арасындагы кагылышуудан беш киши мерт кеттиЗеленский АКШнын тынчтык планы 8 пунктка азайганын айттыБишкекте Эркиндик бульварында турак жайдан өрт чыктыБоршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жок