Бишкекте негизги көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушу шаардык кеңешке түштү

Бишкек шаарынын картасы.

Бишкек шаардык мэриясы шаардык кеңешке борбордогу бир нече аталышка бөлүнгөн айрым негизги көчөлөрдүн аталышын бириктирүү тууралуу токтом долбоорун кароого киргизди.

Ага ылайык, Бишкектин батыш жана чыгыш бөлүгүн түз байланыштырган узун көчө азыркы кезде Фрунзе (Новопавловка айылы) көчөсү, Ден Сяопин, Чүй жана Шабдан баатыр проспектилери деген аталыштагы бир нече бөлүктөн турат. Аны башынан аягына чейин Чүй проспекти деп атоо сунушталды. Демилге колдоо тапса Лев Толстой, Путеводная жана Сары Өзөн деген аталыштардан турган көчө Шабдан баатыр деп аталат.

Шаардын түштүк чегинен Чүй проспектине чейинкиси 7-апрель, андан аркысы Курманжан датка деген көчөнү (мурдагы Алматы көчөсү) Курманжан датка, Түштүк магистралды (Аалы Токомбаев, Абсамат Масалиев, Жайыл баатыр, Кайыков көчөлөрү) Аалы Токомбаев проспекти, ал эми калаанын түштүктөн түндүк чегине борбордук бөлүктү аралап өтүп, жарымы Чыңгыз Айтматов, экинчи жарымы Манас деп аталган чоң көчөнү Чыңгыз Айтматов проспекти деп атоо каралууда.

Петр Кривоносов жана Анвар Чортеков көчөлөрү Абсамат Масалиев көчөсү, Юлиус Фучик жана Васильевский тракт көчөлөрү Манас көчөсү, Жаш Гвардия проспекти жана Махатма Ганди көчөсү Иманалы Айдарбеков, ал эми Селекционная, Муромская көчөлөрү Махатма Ганди көчөсү болуп өзгөртүлөт. Жибек Жолу, Жеңиш проспекттери Жибек Жолу проспекти, Максим Горький, Анкара көчөлөрү Анкара көчөсү, Байтик баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов, Центральная көчөлөрү Жусуп Абдрахманов көчөсү болуп алмашышы мүмкүн.

Бир нече аталышка бөлүнгөн көчөлөрдүн аталышын бириктирүүнү Бишкек мэриясы сунуштаган. Жаңы аталыштар бекитилсе эми аларды өзгөртүүгө 20 жылга мораторий киргизилет. Мэрия шаар кеңейип, жаңы аймактар кошулгандыктан кээ бир көчө аталыштары кайталанып, ал эми айрымдарынын башы, ортосу же аягы ар башка аталып жүргөндүктөн керектүү көчөнү, даректи табуу оорлошуп жатканын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Улуттук банк президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия бердиТайланд-Камбоджа чек арасындагы кагылышуудан беш киши мерт кеттиЗеленский АКШнын тынчтык планы 8 пунктка азайганын айттыБишкекте Эркиндик бульварында турак жайдан өрт чыктыБоршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жок