Саламаттык сактоо министрлиги 263 жеке клиниканын ишин токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги одоно мыйзам бузууларга байланыштуу 263 жеке клиниканын иши токтотулганын кабарлады.

Мекеменин маалыматында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстан боюнча 541ден ашык менчик клиника текшерилген. Алардын ичинен 246сы же 45,5% жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.

Лицензиясы бар 295 медициналык уюмдун ичинен 110унда да мыйзам бузуулар табылган. Айрымдар лицензияда каралбаган багыттар боюнча медициналык кызмат көрсөтүп, кызматкерлердин тиешелүү билими, сертификаттары жок болуп чыккан. Шаймандарды туура эмес стерилизациялоо, каттоого алынбаган дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сактоо жана колдонуу фактылары аныкталган.

Мыйзам бузган жеке клиникаларга 20 млн 740 миң сомдон ашык айып пул салынып, 263үнүн иши токтотулду, ал эми 246сы боюнча материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды медициналык жардамды расмий уруксаты бар, лицензияланган медициналык уюмдардан гана алууга чакырды. (BTo)

Дагы караңыз

Кадамжайда жол кырсыгынан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болдуАскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес экени айтылдыЖүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө: Төө-Ашуу менен Өтмөктө алынды, Долондо сакталуудаБишкекте негизги көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушу шаардык кеңешке түштүБоршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жокОн айда 18 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыУлуттук банк президенттин уулу негиздөөчү болгон банкка лицензия берди