Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын билдирди. Кремлдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал маркум өспүрүмдүн туугандарына жана тажик кесиптешине көңүл айтты.
"Балдарга карата жасалган теракт бул - жийиркеничтүү өзгөчө кылмыш. Тергөө аягына чыгарылып, күнөөлүүлөрдүн баары толук жазага тартыларына эч күмөн жок",-деген Путин.
Рахмон, өз кезегинде, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин белгилеп, орус тарап иштин иликтенишин катуу көзөмөлгө аларына ишеним билдирди.
Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москва облусундагы мектепте болгон кол салууну айыптап, Дүйшөмбүдөгү орус элчилигине нота тапшырган.
Каргашалуу окуя 16-декабрда Москва облусундагы Одинцово районундагы Горки-2 айылындагы мектепте болгон. 15 жаштагы Тимофей аттуу өспүрүм окуу жайга бычак алып кирип кол салганда күзөтчү менен 10 жаштагы окуучу набыт болгон.
“Озоди” радиосу тажикстандык маркум Кобилжондун энеси ошол мектепте пол жууп иштеп жүргөнүн, үч жыл мурун күйөөсү өлгөндөн бери эки баласын жалгыз чоңойтуп жатканын жазган.
Интернетте Тимофей өз кылгандарын видеого тартканы тууралуу маалымат тараган. Анда балдарды ээрчитип бараткан мугалимден алардын улутун сураганын көрүүгө болот.
Жергиликтүү медианын маалыматына караганда, ал буга чейин классташтарына жазган катында коомду жек көрөрүн айтып, расисттик идеяларын жашырган эмес.
Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу беренелери менен кылмыш иш козголгон.
Орусияда борборазиялык мигранттар улутчулдардын колунан каза тапкан учурлар буга чейин да болуп келген.