Улуттук банк ири интервенция жасап, валюта базарына 179,5 миллион доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк валюта базарына 179 миллион 500 миң доллар сатты жана бул 2025-жылдагы эң ири интервенция болуп калды.

10-ноябрда Улуттук банк 173 миллион 900 миң долларды саттыкка чыгарган жана ал жыл башынан берки жетинчи интервенция болуп калган.

Ага чейин 1-октябрда 38 миллион доллар саткан. Быйыл жалпысынан валюта базарына 853 миллион доллар сатылды. Бирок 2025-жылы кайра сатып алуу, башкача айтканда, тескери интервенция жасалган жок.

Улуттук банк былтыр валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен чыккан. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Расмий маалыматка ылайык, былтыр 675,6 миллион доллар сатылып, 369,8 миллион доллар сатып алынган.

Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

Дагы караңыз

Путин 10 жаштагы Кобилжондун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын айтты Илхам Алиев КМШга мүчө өлкө башчыларынын Орусиядагы саммитине барган жок Өкмөт бюрократияны азайтуу чараларынын алтынчы топтомун кабыл алды Чүйдүн акими Тагаев кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шек саналып кармалды Кобилжондун өлүмү: Германияда орус консулдугу алдында тажик оппозициясынын акциясы өттүМосквада машинадагы жардыруудан генерал Фанил Сарваров мерт болду Акыйкатчы институту көп аялдуулук тууралуу арызданган келинге укуктук жардам берет Кыргызстанда 17,7 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы коюлду