ЖК комитеттери бюджет тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш.

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин бир нече комитетинин биргелешкен жыйынында 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндөгү мыйзам долбоорун карап, аны дароо үч окууда кабыл алды.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, маалымат беришти. Өкмөт башчы 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 10,8 пайызды түзүп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасынан биринчи орунга чыкканын, кийинки жылы да бул темпти кармоого аракет болорун билдирди.

Касымалиевдин билдиришинче, 2024-жылдын акырына карата ички дүң өнүм (ИДӨ) киши башына 2513 долларды түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 86% өстү. Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы өсүп, 2800 долларга жетет деп болжолдонууда.

"Сырткы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деди Касымалиев.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн 2026-жылдагы консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырып, кийинки жылы бул каражатты 1 триллион сомдон ашырууга аракет көрүлөрүн убада кылып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, консолидацияланган казынадан 230 миллиард сомдон ашык чыгаша социалдык багытка, 183 миллиард сомдон көбү экономиканын реалдуу секторуна жумшалат. Мунун ичинен капиталдык салымдарга 27,7 миллиард сом, Барскоон-Бедел жолун куруу сыяктуу долбоорлорго 17 миллиард сомдон ашык каражат коротулат.

Кыргызстандын азыркы бийлиги 2021-жылдан тартып бюджетти өлкөнүн бардык тармактагы киреше-чыгашасын кошуу менен "консолидацияланган бюджет" же "бириктирилген бюджет" деген аталышта сунуштай баштаган. Буга республикалык бюджет, жергиликтүү кеңештердин бюджети, Социалдык фонддун жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунун кирешелери, активдер жана милдеттемелер кошулган.

Айрым адистер мындай ыкма өлкөнүн жалпы кирешесин бир кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышса, кээ бирлер өкмөт шаарлардын бюджеттерин, Соцфондду жана башкаларды республикалык бюджетке кошуп, "коомчулукту манипуляциялап жатат" деп сынга алып келишет.

Дагы караңыз

Илхам Алиев КМШга мүчө өлкө башчыларынын Орусиядагы саммитине барган жок Трамп Луизиананын губернаторун Гренландия боюнча чабарманы кылып дайындадыЖанарбек Акаев Ошто ашууларда кытайлык айдоочулардын айынан тыгын жаралып жатканын айттыУлуттук банк ири интервенция жасап, валюта базарына 179,5 миллион доллар саттыПутин 10 жаштагы Кобилжондун өлүмүнө күнөөлүүлөр жазаланарын айтты Өкмөт бюрократияны азайтуу чараларынын алтынчы топтомун кабыл алды