Туманбаев МИК курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу дооматты жокко чыгарды

Бишкектеги Скрябин көчөсүндөгү МИК курган үйлөр.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) курган үйлөр жыш жайгашканы тууралуу сөздөргө жооп берди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына үйлөрдү курууда бардык норма, стандарт сакталып жатканын жазып, салыштыруу үчүн Жапониядагы үйлөрдү мисал келтирди.

"Айрымдар МИК куруп жаткан үйлөрдү, "кокуй жыш жайгашыптыр, кумурсканын уюгундай болуп калыптыр" деп сынга алып жатышат. Сиздерге Жапониядагы жыш жайгашкан үйлөрдүн видеосун жүктөп койдум, салыштырып көрүңүздөр. Бизде биринчиден стандарттар, нормалар сакталууда. Ар бир курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн машина токтотуучу жайлары бар. Келечекте элибиздин саны дагы өсөт, жер болсо чоңойбойт, кеңейбейт. Андыктан жер тилкесин азыртадан үнөмдүү пайдаланышыбыз керек. Жерди сарамжалсыз пайдаланып, аянтты ашкере ээлеп курсак, ал келечекте жер тартыштыгын гана жаратат. Андыктан, сын-пикирлер дагы жөндүү айтылса дейт элем", - деп жазды Туманбаев.

Буга чейин МИК аркылуу Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында 70 миң батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатканы айтылган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош жана Манас шаарларына туура келет.

МИК аркылуу үй алууга 40 миңден көп адам кезекте турат, ал эми там-таштуу болгондордун саны 13 миңден ашты.

Дагы караңыз

Күйөөсү атып салган келинге торт менен гүлдү анын студенттери бергенин айтып чыгышты Түркияда учак кыйрап, Ливиянын армиясынын Башкы штабынын жетекчиси мерт болду Баткенде жарым миллион сомго жакын алимент төлөбөй качып жүргөн жаран кармалдыАлагөзов президенттин атын атаган интернеттеги алдамчылар тууралуу эскертти Маданият министринин орун басары Тагаев ЦУМдун жанына үч кабат имарат курулганын сынга алды Жөлөк пул берүү жобосун, көлөмүн кайра карап чыгуу сунушталуудаБаткендеги "Теке секирик" долбоору ишке ашпай жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү КазТаг маалымат агенттигинин башкы редактору Амир Касенов камалды