Орусиянын Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы Зина Бакирова курултайда чыгып сүйлөдү. Анда президент Садыр Жапаров көлөмдүү баяндама жасаганын, бирок мигранттар маселесине токтолбогонун белгиледи.
"Бүгүн сиз аябай жакшы доклад жасадыңыз, кыргыз элине жакшы колдоолор болорун айтып өттүңүз. Абдан жакшы кунт коюп угуп турдук. Бирок ушул чет элдеги кыргыздар жөнүндө, аларга колдоо көрсөтүү жөнүндө сөз болгон жок. Бирок бизди дагы өз көңүлүңүздүн сыртында калтырбайсыз деп ишенебиз", -деди делегат.
Анын айткандарына Садыр Жапаров азырынча жооп бере элек.
Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизип жатат.
Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазган. Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн.
Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен "кара тизмеге" кирип, атайын берилген убакыт ичинде андан чыгууга үлгүрбөй калган 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтып чыккан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" алардын 75 миңи кыргызстандык жаран экенин ырастаган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.