Трамп Нигерияда америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" террордук уюмуна сокку урганын билдирди

Нигерия, архивдик сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп анын буйругу менен америкалык аскерлер Нигериянын түндүк-батышында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко чабуул жасаганын билдирди.

Ал Truth Social социалдык тармагына өзү "террорчу наадандар" деп атаган жихадчылар "бир канча жыл бою негизинен бейкүнөө христиандарга кол салып, мыкаачылык менен өлтүрүп келген" деп жазды.

"Мен буга чейин ошол террорчуларга эгер христиандарды өлтүрүүнү токтотпосо катуу жазаланарын эскерткем, азыр ошол ишке ашып жатат. Согуш министрлиги Кошмо Штаттарынын гана колунан келчү көптөгөн кынтыксыз соккуларды жасады. Кудай биздин аскерлерди колдосун, баарыңарга, анын ичинде жантаслим болгон террорчуларга бактылуу Рождество каалайм",-деп жазды Трамп.

Ал кайсы объекттер бутага алынганын тактаган жок.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Африкадагы командачылыгы (AFRICOM) Х тармагына сокку "Нигериянын бийлигинин өтүнүчү менен жасалганын" жазды. Бирок баштапкы билдирүүдө Собото деген штаттагы объекттерге чабуул жасалганы жазылган. Нигерияда мындай аталыштагы штат жок, бирок өлкөнүн түндүк-батышында Сокото деген аймак бар жана ал жакта мусулмандар басымдуулук кылат. Штатта жихадчылар маал-маалы менен чабуул жасап турат.

АКШнын Куралдуу күчтөрү кийинчерек штаттын аталышын оңдогон.

Калкынын жарымынан көбү жакырчылыкта жашаган Нигерияда адамдарды тобу менен уурдап, акча талап кылган учурлар көп катталат. Байкоочулар бул бизнестин бир түрүнө айланган кылмыш экенин, бирок кылмышкерлер көпчүлүк учурда жоопко тартылбай каларын айтып келишет. Ислам динине жамынган ар кандай куралчан радикал топтор фермерлерге, саякатчыларга, окуучуларга кол салышат. Кээде бүтүндөй бир кыштакты да талкалап кетишет.

Дагы караңыз

Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узартылды New York Times: Орусия Украина менен АКШ даярдаган тынчтык планын четке кагышы толук мүмкүнОренбургда жол кырсыгынан үч кыргыз жараны, анын ичинде эки жашар бала мерт болдуКурултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды