Жалал-Абаддагы №13 көп мандаттуу округдагы кайра шайлоо 1-мартка белгиленди

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы кайра шайлоону 1-мартка белгиледи. Үгүт иштери добуш берүүгө 20 күн калганда башталат. Мындай чечим БШКнын соңку жыйынында кабыл алынды.

БШК бул округдагы шайлоонун жыйынтыгын 3-декабрда жокко чыгарган жана муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы менен негиздеген. Аталган округдагы 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы айтылган.

Ага чейин “7-канал” добушканада шайлоо күнү тартылган видео жарыялаган. Анда добушканада бюллетендерди салуучу үкөктүн үстүнө илинген телефон тартылган. Видеодо жооп берген адам ал талапкер Бактыбек Сыдыковдун өкүлү экенин, кайсы бир адамдар телефонду ушинтип илип коюуга буйрук беришкенин айткан. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү алар “мүмкүн эмес экенин айтканына карабай илип коюшканын” билдирген. Мындан кийин шайлоо тилкесине милиция кызматкерлери келип, териштире баштаганы тартылган.

Бул округдагы шайлоо жокко чыгарылганынан улам көп добуш алган талапкерлер сотко чейин кайрылган, бирок арыздары канааттандырылган эмес.

Талапкер Бактыбек Сыдыков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, муну "негизсиз каралоо, жеңишти жокко чыгаруу максатын көздөгөн" аракет катары баалаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганына байланыштуу атаандаштарын айыптаганы менен кимдир бирөөлөрдүн атын атаган эмес.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.

Дагы караңыз

КазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү Адвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды Макрон Украинанын Европадагы өнөктөштөрү январда Парижде жолугарын билдирдиБалыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: министр айрым жетекчилерге сөгүш берди Баткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкууладыОрунбеков Кумтөрдүн быйылкы кирешеси 124 миллиард сомдон ашканын билдирди Сеидбек Атамбаев атасынын сыйлыктардан ажыратылышы жөнүндө комментарий берди