ӨКМ Бишкекте Чүй каналына агып кеткен "Тазалыктын" үч жумушчусу изделип жатканын билдирди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Чоң Чүй каналына (БЧК) агып кеткен үч адам изделип жатканын билдирди.

Анда издөө иштери 30-декабрда 09:05те башталганын, беш куткаруучу тартылганын, кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Мунун алдында социалдык тармактарда Чүй каналына "Тазалык" ишканасынын үч жумушчусу бири-бирин куткарам деп жатып агып кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы буга байланыштуу маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Дагы караңыз

Жалал-Абаддагы №13 көп мандаттуу округдагы кайра шайлоо 1-мартка белгилендиКазТаг агенттигинин кеңсесинде, башкы редактордун үйүндө тинтүү жүрдү Адвокат Темирлан Султанбеков шарты жок айып изоляторуна киргизилгенин айтып чыкты Майлуу-Суу лампа заводунун жумушчулары иш токтоп жатканын айтып бийликке кайрылды Жибек Урустемованын өлүмүнө байланыштуу иште эки милиция кызматкери камалды Владимир Путин эл аралык соттордун чечимдерин аткарууга тыюу салды Макрон Украинанын Европадагы өнөктөштөрү январда Парижде жолугарын билдирдиБалыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: министр айрым жетекчилерге сөгүш берди Баткен жана Согд облустарынын башчылары өз ара алака-катышты талкууладыСеидбек Атамбаев атасынын сыйлыктардан ажыратылышы жөнүндө комментарий берди